Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Centerra Gold Inc. менен кезектеги сүйлөшүү аяктады


Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык инвестор Centerra Gold Inc. менен кыргыз өкмөтүнүн кезектеги сүйлөшүүсү аяктады. Бүгүн аталган компаниянын өкүлдөрү Бишкектен Канадага учуп кетти. Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун "Азаттыкка" 10-ноябрда билдиргенине караганда, тараптар бир пикирге келе алган жок. Кумтөрдүн мындан аркы тагдырын талкуулоо үчүн инвестор-компаниянын президенти Ян Аткинсон менен директорлор кеңешинин төрагасы Стивен Ланг келген болчу. Кыргызстан парламенттин чечимине ылайык Кумтөр ишканасынын акцияларынын 67 пайызын өзүнө алмай болуп жатат. Бирок канадалыктар буга макул болот деген ишеним кыргыз өкмөтүндө жок. Ал арада президент Алмазбек Атамбаев BBC радиосуна курган маегинде Кумтөрдү кыргыз тарап толугу бойдон өзүнө алып, улутташтырууга аргасыз барышы мүмкүн деген оюн айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG