Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Жол кырсыгы бир үй-бүлөнүн башын жутту


Кеминдеги жол кырсыгы, 17-ноябрь, 2013. (Окуяга күбө болгон Ярослав Тартыковдун Фейсбуктагы баракчасынан алынган сүрөт.)
Кеминдеги жол кырсыгы, 17-ноябрь, 2013. (Окуяга күбө болгон Ярослав Тартыковдун Фейсбуктагы баракчасынан алынган сүрөт.)

Кеминдеги жол кырсыгы 8 кишинин, анын ичинде 6 адамдан турган бир үй-бүлөнүн өмүрүн алып кетти.

Кыргызстандыктар 17-ноябрь – бүткүл дүйнөлүк жол кырсыгынан каза болгондорду эскерүү күнүн 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы менен тосуп алды.

Каш-кабактын ортосундагы кырсык

Ичинде 25 жүргүнчүсү бар “Мерседес-Спринтер” үлгүсүндөгү кичиавтобус менен салондо 6 кишиси бар “Хонда-Аккорд” үлгүсүндөгү оң рулдуу жеңил унаа Бишкек-Торугарт жолунун 115-чакырымында 17-ноябрда саат кечки төрт жарымдар чамасында кагышкан. Жол кырсыгынан 8 адам каза болуп, 23 адам ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышкан.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Айбек Арзыматов “Азаттыкка” билдирди:

- Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Учурда соттук-медициналык, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалды. Жол кырсыгынын себеби 15 күндүн ичинде так билинет. Тергөөнү Кемин райондук ИИБинин тергөөчүлөрү жүргүзүп жатат.

Кеминде катталган жол кырсыгынан жабыркагандардын тогузу Бишкектеги шаардык травматология борборуна жаткырылды. Аталган борбордун башкы врачы Алмаз Кубатбековдун айтымында, жабыркагандардын бирөөсүнүн абалы оор, калгандарыныкы туруктуу. Алардын арасында кош бойлуу аял да бар:

- Азыркы убакта Самакова деген 29 жаштагы жабырлануучунун абалы оорураак. Анткени анын жамбаш сөөгү талкаланган. Өмүрбекова деген аялдын 28 жумалык боюнда бар экен, аны №6 төрөт үйүнө котордук. Жабыр тарткандардын көбүнүн мээси чайкалган.

Жентек тою көпкө узабаган эгиздер

Аталган кырсыктан “Хонда Аккорд” унаасынын ичинде бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү толугу менен мерт болушту. Кагылышуудан аталган унаа экиге бөлүнүп кеткен. Унааны Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылынын кулуну, бир үй-бүлөнүн жалгыз эркеги 28 жаштагы Айдарбек Жумабеков башкарып келаткан. Унаада анын 7 айлык эгиз балдары Эрбол жана Эркайым, 24 жаштагы жубайы жана 23-24 жаштагы эки бир тууган карындашы болгон.

Бул тууралуу каза тапкан кишилердин кудасы, белгилүү түрколог Кадыралы Коңкобаев кабарлады:

- Айдар 4 кыздан кийинки жалгыз эркек болчу. Алар айылга жума күнү барышып, эгиз балдарына жентек той өткөрүшкөн. Шаарга келатып, жанагыдай кырсыкка кабылып отурушат. Эгиздердин бири эркек, бири кыз болчу. Жубайы, эки карындашы да каза тапты.

Кичиавтобус Бишкектен Жети-Өгүздү көздөй баратканда Көлдөн келаткан “Хонда-Аккорд” каршы тилкеге катуу ылдамдык менен чыккан. Кичиавтобустун 36 жаштагы айдоочусу жана 3 жашар кыз ошол жерден жан берген. Мындан сырткары жаракат алгандардын үчөө жаш балдар. Кырсыктан жабыркагандардын көбү Жети-Өгүздүн жашоочулары.

Балээнин баары оң рулдабы?

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нарынбек Молдобаев жол кырсыктарынын көбөйүшүн оң рулдуу унаалардан көрөт. Ал кырсыктардын санын азайтуу үчүн аталган унааларга мыйзам аркылуу чектөө керек деген пикирде:

- Негизи биздин жолдор сол жагынан башкарылган унааларга ылайыкташтырылган. Эми теңирден тескери болуп, оң рулдуулар көбөйүп кетпедиби. Жол кырсыктарына көбүнө ушул унаалар аралашып жатат. Ошондуктан парламент атайын мыйзам кабыл алды. Ага ылайык, 2015-жылдын 1-январынан тарта оң рулдуу унаалар өлкөгө киргизилбейт жана андай унаа менен такси кызматын аткарууга тыюу салынат.

Быйылкы жылдын 9 айында өлкө боюнча 5123 жол кырсыгы катталып, андан 824 адам каза тапса, 7323 адам ар кандай жаракат алган. Бул жол кырсыктары өткөн жылга салыштырмалуу 33 пайызга өстү дегенди билдирет. Мындай маалыматты Жол-кайгуул кызматынын жол кырсыктарын анализдөө жана алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Елена Айылчиева билдирди. Анын айтымында, каза болгондордун 108и жаш балдар. Жол кырсыктарындагы адам өлүмү мурдагы жылга салыштырмалуу 12 пайызга өскөн.

Жол кырсыгына кабылган унаалардын көпчүлүгүн оң рулдуулар түзөт. Кыргызстанда жеңил машинелердин 25 пайызга жакыны оң рулдуу. Мындай унаалар кириптер болгон жол кырсыктары сол рулдууларга караганда 10 пайызга көптүк кылат.

Тасмада: Бишкек-Торугарт жолундагы кырсык

Авто кырсык 8 адамдын өмүрүн жалмады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:10 0:00

XS
SM
MD
LG