Линктер

жекшемби, 25-июнь, 2017 Бишкек убактысы 08:09

Токон Мамытов чек ара аймактарын кыдырат


Вице-премьер министр Токон Мамытов эки күндүк иш сапар менен 21-ноябрга чейин Баткен облусундагы чек ара аймактарында болот.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” маалымдашкандай, Мамытов иш сапары учурунда жыл башында жаңжал болгон Чарбак жана Мазейиттин жери айылдарына барып, эл менен жолугат.

Баткен облусу чек ара жаңжалдары эң көп катталган аймак болуп саналат. Ушул жылдын башында Чарбак айылына Өзбекстандын Сох анклавынын жарандары бастырып кирип, 30 кишини сабап, бир суткадай барымтада кармашкан. Ошол окуядан кийин өкмөт чек аралаш аймактардагы эң негизги делген көйгөйлөрдү чечүү үчүн 370 миллион сом бөлүп, 14 объектти курууну пландаган. (JsA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG