Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:14

Ооганстан: Лоя Жырга АКШ менен келишимдин тагдырын чечет


Ооганстан -- АКШ аскерлеринин калышына мүмкүндүк берчү келишимге каршы акцияга чыккандар. Жалал-Абад, 19-ноябрь, 2013.
Ооганстан -- АКШ аскерлеринин калышына мүмкүндүк берчү келишимге каршы акцияга чыккандар. Жалал-Абад, 19-ноябрь, 2013.

Ооганстанда бүгүн уруу башчылар менен саясий лидерлердин жалпы улуттук кеңешмеси – Лоя Жырганын жыйыны ачылууда.

Анда АКШ менен узак мөөнөттүү коопсуздук келишимин түзүү же түзбөө маселеси чечилиши керек.

Лоя Жырганын бүгүн Кабулда башталып жаткан кеңешмесинин кароосуна АКШ менен Ооганстан ортосундагы эки маанилүү документтин: Коопсуздук келишими (Bilateral Security Agreement) жана АКШ күчтөрүнүн маккамы тууралуу (Status of Forces Agreement) макулдашуунун долбоору сунуш кылынууда.

Эгер Кабул менен Вашингтон жогорудагыдай келишимдерге кол коюп калса, бул өз кезегинде америкалык аскерлер Ооганстанда дагы он жылга турушуна жол ачылмакчы. Ал эми маселенин Лоя Жырганын кароосуна коюлушу кандай жыйынтык болоруна карабай бул консультативдик орган чечим кабыл алуу жараянына саясий легитимдүүлүк бере аларында.

Кабулдагы көз карандысыз иликтөө уюму – Ооганстан талдоочулар түйүнүнүн тең төрагасы Томас Раттиг буларды айтат:

- Лоя Жырганы Ооганстанда ооган элинин эркин чагылдыруучу орган катары карашат. АКШ менен келишим түзгүсү келсе президент Карзай албетте колдоого муктаж. Биз күбө болгондой акыркы кездери ага оппозиция күчөдү. Ооган Конституциясына ылайык, Лоя Жырга ооган элинин эркин билдирүүчү жогорку орган деп саналгандыктан, анын чечимин өзгөртүү кийинки президент, парламент, атүгүл азыркы парламент үчүн да кыйынга турат.

Лоя Жырганын Талибан бийликтен кулатылгандан берки бул алтынчы кеңешмеси алдында Вашингтон жана Кабул ортосундагы негизги талаштардын чоо-жайы анык болуп калды.

Эки күн мурда ачыкталган маалыматтар боюнча, ооган президенти Карзай эгер АКШ президенти Барак Обама соңку он эки жылдагы согушта кеткен катачылыктарды моюнга алса, АКШ аскерлери ооган үйлөрү менен мечиттерге жасалуучу рейддерге катыша аларына каршылыгын токтотууга көнгөндөй.

Эки тарап азыр “сен мага”, “мен сага” деген эреженин негизинде иштешип жаткандай. Мурдараак Кабул Вашингтондун Ооганстанда тура турган америкалык аскерлерге ооган мыйзамдарынан иммунитет берүүгө макул болгону, мунун ордуна АКШ бардык рейддерди ооган күчтөрү гана жүргүзүүсүнө ынаганы кабарланган.

Ага дейре Вашингтон эгер талаптары аткарылбаса, сүйлөшүүлөрдү токтотуп, аскерлерин келерки жылы түгөл алып чыгып кетерин ачык ишара кылган.

Вашингтондун талаптарынан баш тартпаганы өз кезегинде оогандардын бир бөлүгүнүн кыжырын кайнаткандай. Акыркы эки аптадан бери америкалык аскерлердин Ооганстанда турушуна мүмкүндүк берүүчү келишимге каршы бир нече нааразылык акциясы өтүп, ага жүздөгөн киши катышты.

Андыктан, мындай шартта маселенин Лоя Жырга аркылуу чечилиши байкоочулардын баамында, эки жакка тең стратегиялык артыкчылык берип жатат.

АКШдагы Жорж Мейсон университетинин Анализ жана конфликттерди жөнгө салуу мектебинин окутуучусу Майкл Шейнктин айтымында, маселени Лоя Жыргага салуу менен Карзай кыраакылык жасады:

- Жөн койгула, Лоя Жырга чечсин,арты жаман болуп калышы мүмкүн чечим үчүн жоопкерчиликти да тең бөлүшсүн дегендик Карзайдын болуп көрбөгөндөй кыраакы саясий кадамы.

Келерки жылы Карзайдын бийлик мөөнөтү бүтөт, ал апрелдеги шайлоого катыша албайт.

Талдоочу Майкл Шейнк кошумчалагандай, кокус Лоя Жырга жактырбай койсо, Кошмо Штаттар да муну өз жоготууларын кыскартып, Ооганстандан кетүү үчүн колдоно алат:

- АКШ мындайда алаканын ушалап, америкалык коомчулукка биз Лоя Жырга аркылуу мунасага жетиш үчүн Карзай жана жергиликтүү лидерлер менен иштешүүгө аракеттендик, бирок алар бизди жээришти, биз эми эркибизди таңуулай албайбыз жана кетебиз деп айта алат.

АКШда өзү ооган согушуна коомдук колдоонун деңгээли абдан эле төмөн. Ал жакта жоокерлердин калышын жана каржылык чыгымдарды көптөр туура көрбөйт.

АКШ баштаган НАТО күчтөрү 2014-жыл жакындаган сайын Ооганстандагы аскерлеринин санын акырындык менен азайтууда. Келерки жылдын соңуна барып өлкөдө канча чет элдик аскер калаары Лоя Жырганын чечимине жараша болот.

Оогандардын 2500 делегат катышуучу жалпы улуттук жыйыны 25-ноябрга чейин созулат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG