Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Бишкек-Москва каттамындагы учак бузулду


Техникалык мүчүлүштүктөн улам Бишкек-Москва каттамындагы учак абага көтөрүлгөн жок. Анын 150дөй жүргүнчүсү “Манас” аба майданынын күтүү залында отурушат. Учак бүгүн таңкы саат 5:30да учушу керек болчу.

“Азаттык” аэропорттун маалымдама кызматы менен байланышканда, каттам алдында учактын айрым тетиктери бузулганы байкалганын билдиришти. Оңдоо иштери бүтсө, түшкө жуук учушу күтүлүүдө.

Бузулду делген учак “Урал аба жолдору” компаниясына таандык. (SE)

XS
SM
MD
LG