Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Келдибеков иши: саясат менен коррупциянын аралыгы


Парламент төрагалыгынан кеткен Акматбек Келдибеков митингге чыккан тарапкерлери менен жолугушууда. Ош шаары, 13-декабрь, 2011.
Парламент төрагалыгынан кеткен Акматбек Келдибеков митингге чыккан тарапкерлери менен жолугушууда. Ош шаары, 13-декабрь, 2011.

Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековго козголгон үч кылмыш иши боюнча башкы прокуратура парламентте түшүндүрмө берди.

Анда башкы көзөмөл органы коррупциялык схемалардын арты менен курулган “ишкердик империясынын” бетин ачканын жарыялады. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары болсо Келдибековдун камалышын саясий куугунтук катары карашып, бийликке жакпаган саясатчыларга гана тузак ыргытылып жатат деп айыпташты.

Келдибековдун “империясы”

Коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча кылмыш белгилерин ичине камтыган үч кылмыш иши Келдибеков Социалдык фонддун төрагасы, Салык кызматынын жетекчиси жана парламенттин спикери кезиндеги мезгилдерге туура келет. Башкы прокуратура Келдибеков Социалдык фондду жана Салык кызматын жетектеп турган учурда түзгөн коррупциялык схемалардын көмүскө пирамидасын ачып чыккан.

Баш прокурор Аида Салянова бул үч кылмыш иши боюнча мамлекеттик казынага келтирилген зыяндын өлчөмү тууралуу буларга токтолду:

- Бир эле “Ротак-Бишкек” деген ишкана боюнча Соцфондго 21 миллион сом зыян келтирилгенин айтып жатабыз. Келдибековдун өзүнө караштуу түзүлгөн “Ротак-Бишкек” компаниясы бул Соцфонддун каражатын пайдалануунун өтө чоң жана татаал коррупциялык схемасы болгон. Буга бир нече фирма жана көптөгөн мамлекеттик кызмат адамдары менен ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү тартылган. Анын башында Келдибеков өзү жана анын жубайы Аида Токтоматова турган. Мына ушундай бири-бири менен байланышкан чынжырча аркылуу Соцфонддун акчасы тегеренип турган. Буга биз "коррупция" деген берене менен иш козгодук. Ал эми Салык кызматында турганда “Бизнес партнер” деген компания аркылуу “Аламүдүн базары" жана “Дордой плаза” ишканаларынын 1 миллион 300 миң сомдук салыгы түшпөй калган.

Ошондой эле Башкы прокуратура Келдибеков парламенттин спикери кезинде Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачып, ага бюджеттин он миллион сомун мыйзамсыз жумшаганын таап чыккан. Андагы штаттык бирдиктер мыйзамсыз түзүлүп, мекемени ижарага алууга каражат коротулганы иликтенген.

Ачылып-жабылган иштердин аягы

Соцфонддогу жана Салык кызматындагы фактылар боюнча Келдибековго алгачкы кылмыш иши 2009-жылы эле козголгон. Бирок белгисиз себептер менен аталган иштер аягына чыккан эмес. Бул тууралуу айткан баш прокурор Аида Салянова Келдибековго козголгон кылмыш иши 2010-жылы 7-апрелде жоголуп кеткенин белгиледи. Кийин ал тергөө амалдарынын жүрүшү менен толукталган.

Башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Жаныбек Салиев Келдибековго козголгон кылмыш иши 2010-жылдан бери эле бир нече жолу козголуп, кайра токтотулуп келгенин белгиледи:

- 2010-жылы августта мына ошол иштер жандандырылган. Бирок парламенттик шайлоонун алдында Келдибеков депутаттыкка талапкер болгонуна байланыштуу токтотулган. 2011-жылы бул иш кайра иликтене баштап, 2012-жылы 28-сентябрда тергөөдөн кыскартылган. 2013-жылы 11-мартта кайрадан иликтенип, мыйзамсыз кыскартылган деген негизде кайрадан жандандырылган. Мына ошонун негизинде кошумча иликтөө иштерин жүргүзүп отуруп, мына азыр кылмыш ишин козгодук.

Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары коррупцияга каршы күрөштө башкы көзөмөл органы кадыр-көңүлгө карап мамиле кылып жатканын айыпташты. Анткени айрым бир аткаминерлер кызматтан кетип, бийликтин саясий атаандашына айланган учурда гана кылмыш ишин козгоп, басым көрсөтүү өнөкөтү жүрүп жатканы айтылды. Келдибеков “Кыргызгаздын” сатылышына каршы чыгып, “Кумтөр” маселеси боюнча өкмөт менен макул болбогону үчүн саясий куугунтукка алынууда дешет анын санаалаштары. Ошол эле кезде президенттин командасындагы коррупциялык иш-аракеттери менен коомчулукка белгилүү болгон бир катар аткаминерлерге эмнеге кылмыш иши козголбойт деген маселе кабыргасынан коюлду.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков бул маселе боюнча буларга токтолду:

- Бул жерде коррупцияга каршы күрөшүңөр бир жактуу жүргөндөй болуп жатат. Ашыкча штаттарды ачып, бюджеттин каражатын мыйзамсыз пайдаланды деп Келдибековго айып коюпсуңар. Мына ушундай эле жол менен чек ара кызматында штаттык бирдиктерди киргизип, казынага 40 миллион сом зыян келтирген Токон Мамытовго эмнеге кылмыш ишин ачпайсыңар? Эмнеге тендерлерге өзүнө караштуу компанияларды гана киргизип, бюджеттин каражатын өзүнүн кызыкчылыгына карата колдонуп жаткан вице-премьер-министр Сарпашевге иш козгобойсуңар?

Ушундай талашып-тартышуулардан соң Жогорку Кеңеш депутат Келдибековдун кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү маселесин көтөрдү. Ошол эле кезде Келдибековдун жактоочулары бүгүн Ак үйдүн алдына нааразылык акциясына чыгып, аны тез арада бошотуу талабын коюшту. Түшкө жуук нааразылык акциясынын жүзгө чукул катышуучусу тарап кетти.

Тасмада: Келдибековду колдогондордун митинги, Бишкек, 21-ноябрь

Келдибековду колдогон митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:46 0:00

XS
SM
MD
LG