Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Кыргызстан Бажы биримдигинин жол картасына макул эмес


19-ноябрда Москвада Бажы биримдигинин комиссиясы Кыргызстанды биримдикке кабыл алуунун жол картасын бекитти. Жаңы жол карта Кыргызстан менен макулдашылган эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” экономика министри Темир Сариев билдирди. Министрдин айтымында, жаңы даярдалган документке Кыргызстан сунуштаган шарттар кирбей калган:

"Комиссия бекиткен жол карта Кыргызстан менен макулдашылбай кабыл алынды. Биз сунуштаган документтен айырмаланып турат. Кыргызстан өзүнүн позициясын бербейт. Биз Бажы биримдигине кирүү үчүн бир топ шарттарды койгонбуз. Ал эске алынбаса, Кыргызстандын биримдикке кириши тобокелдик болуп калат", - деди Сариев.

Министр Сариевдин айтымында, кыргыз тарап даярдаган жол картасында төмөнкү шарттар белгиленген:

- Мамлекеттеги эң ири делген “Мадина”, “Дордой” жана "Кара-Суу" базарларынын иштөө жоболорун так аныктоо;

- Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында атайын фонд уюштуруу жана улуттук экономикада атайын бир тармактарды колдоо;

- Эмгек мигранттардын макамын так аныктоо.

Бажы биримдиги 2010-жылы түзүлгөн. Ага Орусия, Казакстан жана Беларус мүчө. 2013-жылдын 29-майында Кыргызстан Бажы биримдигине мүчөлүккө арыз берген. (GA/SE)

XS
SM
MD
LG