Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Сарпашевдин иши иликтенүүдө


Жогорку Кеңеш өкмөт башчысынын орун басары Тайырбек Сарпашев кызмат абалын өзүнүн ишкердигин өнүктүрүүгө пайдаланып жатканын иликтөө боюнча депутаттык топ түздү.

Буга Сарпашевдин жакындарына караштуу компаниялардын “Кумтөргө” май ташыган жана Бишкектин жолдорун оңдоого байланышкан миллиондогон тендерлерди утуп алып жатканы негиз болгон. Бирок вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев коюлган дооматтарды четке кагып, депутаттык комиссия бул ушакка чекит коёт деп билдирди.

Парламенттин “Республика” фракциясы ишти иликтөө учурунда Сарпашев убактылуу кызматынан четтетилип турушу керек деген сунушту киргизүүдө.

Тендерлерден утуунун табышмагы

Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы баш калаанын айрым бир көчөлөрүн оңдоо боюнча өткөн жылы тендер жарыялаган болчу. Аталган тендер 30 миллион долларлык түрк насыясынын эсебинен каржыланган.

Өкмөт башчысынын орун басары Тайырбек Сарпашевдин жакындарына таандык компания Бишкектин жолдорун оңдоо боюнча тендерди утуп алганы иликтене турган болду. Мындан сырткары анын бир тууганы башкарган “Градиент” фирмасы “Кумтөрдү” толугу менен автоунаа майы менен кандайча камсыздап калганы текшерилмекчи.

"Кумтөргө" бараткан унаа
"Кумтөргө" бараткан унаа
Өкмөт башчысынын орун басары Сарпашев аталган тармактарды тейлеген жетекчи болгондуктан депутаттар ал тендерлерди утуп алууда анын жеке кызыкчылыгы рол ойногон деп шек санашууда.

“Республика” фракциясынын жетекчиси Назарали Арипов Сарпашев кызмат абалынан пайдаланып жатат деген фактыларды иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөнүн жарыялады:

- Сарпашевдин туугандарына караштуу компаниялар Бишкектин жолдорун оңдоо боюнча тендерлерди утуп алганы боюнча маалымат келип түштү. Ошондой эле анын агасына караштуу “Градиент” фирмасы “Кумтөргө” кара май ташып кирип жана сыртка алып чыгып сатат деген маалымат бар. Мына ошонун кайсынысы чын, кайсынысы жалган экенин депутаттык комиссия иликтеп чыкмакчы.

Биздин чоң кызматта иштеген жетекчилердин тууган-уруктары мына ошондой тендерлерге катышуудан алыс эле болуп турушса жакшы болот эле.
Ошол эле кезде парламенттеги “Республика” фракциясы өкмөт башчысынын орун басары Сарпашев депутаттык иликтөө жүрүп жаткан кезде кызматтык милдеттерин токтотуп туруусун сунуштаган. Бирок Сарпашев азырынча бул сунушту кабыл алаарын билдире элек.

Ошол эле учурда өкмөт башчысынын орун басары Тайырбек Сарпашев анын жакындарына таандык компаниялар гана тендерлерден утуп жатат деген көбүртүлгөн маалымат деп эсептейт:

- Мунун бардыгы көбүртүлгөн ушак. Бул эми мындан бир жыл мурунтан бери эле айтылып келаткан болчу. Депутаттык комиссия түзүлгөнү жакшы болду. Ошонун бардыгынын чын-бышыгын тактап, мени каралоо үчүн чыгарылып жаткан ушактарга чекит коюлат деп ойлойм. Ошондуктан мен депутаттык комиссияга ачыкмын жана керектүү маалыматтардын бардыгы менен бөлүшөм.

Сатыбалдиев: аткаминерлер аралашпаса...

Жакында парламентте аткаминерлердин жакындары тендерлерге катышууга тыюу салган мыйзам долбоору кабыл алынган болчу. Анткени ири аткаминерлер өздөрүнө караштуу компанияларын башка бирөөлөргө жаздырып коюп, бирок ошолор аркылуу тендерлерди утуп алууга артыкчылык алган жагдайлар кадыресе көрүнүшкө айланган.

Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев “Азаттыкка” курган маегинде мындай өнөкөткө чек коюу керектигин айткан эле:

- Биздин чоң кызматта иштеген жетекчилердин тууган-уруктары мына ошондой тендерлерге катышуудан алыс эле болуп турушса жакшы болот эле. Биздин өкмөттө ишкердиктен келген 2-3 министр бар. Алардын бири - Тайырбек Сарпашев. Ал мага өзүнө караштуу компанияларын башкарууну башка бирөөгө өткөрүп бергенин айткан болчу. Анан эми мына ушундай шартта анын туугандары жанагыдай тендерлерге катышпай эле коюшса дурус болмок. Бирок эми бул турмуш экен да.

Өкмөт башчысынын орун басары Сарпашевдин ишмердигин иликтөө боюнча депутаттык комиссия он күндүн ичинде жыйынтык чыгарууга тийиш. Аталган убактылуу комиссияга ар бир фракциядан экиден өкүл кирип, анын төрагалыгына депутат Алтынбек Сулайманов шайланды.
XS
SM
MD
LG