Түлеев атасынын жаназасына катышты
Камактагы депутат Нариман Түлеев бүгүн атасынын жаназасына катышып, топурак салды. Жүрөгү кармап 4-декабрда дүйнө салган Ташболот Түлеев Бишкектин четиндеги Байтик айылына коюлду. Нариман Түлеев Бишкектин мэри болуп турганда коррупцияга аралашкан деген айып менен бир жылдан бери УКМКнын тергөө абагында жатат. Ал өзү күнөөсү жок экенин айтып келет. Адвокаттардын өтүнүчү менен УКМК жетекчилиги аны үч күнгө абактан бошотуп, топурак салууга уруксат берген. (Мирлан Токталиев)
Чыгарылыштар
-
Февраль 19, 2026Баткен: Элге жер бөлүштүрүлө баштады
-
Февраль 18, 2026Баткен: Аялдардын өнүгүүсүнө өбөлгө болгон демилге
-
Февраль 07, 2026"Мээнет текке кетпесе". Абалы арсар автомектептер