Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Айдоочуларга айып пул көбөйүшү мүмкүн


Ушул жылдын июль айында Ысык-Көлдө 14 адамдын өмүрүн алган автокырсык болгон.
Ушул жылдын июль айында Ысык-Көлдө 14 адамдын өмүрүн алган автокырсык болгон.

Жогорку Кеңеште жол эрежелерин бузган жана алкоголдук ичимдик ичип рулга отурган айдоочуларга айып пулду эселеп көбөйтүү демилгеси козголду.

Бул демилгени азыр Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги да кубаттап турат. Бирок коомчулукта, өзгөчө айдоочулар арасында муну менен МАИ кызматкерлери алып жаткан паранын өлчөмү да көбөйөөрүнө тынчсызданып, адегенде бул тармактагы коррупцияга бөгөт коюу зарылдыгын айткандар жок эмес.

Айып пул көбөйсө эле жол кырсыктары азаябы?

Мындай демилге менен чыккан депутат Дастан Бекешов айыппулдун көлөмүн көбөйткөн мыйзам долбоорун коомчулуктун талкуусуна койгону турат. Ал Кыргызстанда күн санап автоунаа көбөйүп, анын арты менен кырсыктардын саны да эселеп көбөйүп жатканына кабатыр:

- Азыр минималдуу айып пул 100 сом болсо, эң көп айып пул 2000 миң сомдун айланасында. Алкоголдук ичимдик ичип алган айдоочуну МАИ кызматкери кармаса болгону 1500 сом айып пул төлөйт экен. Бул өтө эле аз. Мен сунуштаган мыйзамда мас айдоочунун айыппулу он миң сомго көбөйөт же айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт.

Депутаттын бул демилгесин Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги да колдоого алып жатат. Аталган кызматтын жетекчиси Талант Исаев кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда эрежени бузган айдоочуларга жаза өтө эле жеңил болуп жатканын айтат.

Исаевдин пикиринде, дал ушул айыппулдун аздыгы жол кырсыктарынын көптүгүнө түздөн-түз себепкер:

- Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө караганда эң төмөн айып пул биздин өлкөдө болуп жатат. Өзбекстанда, Тажикстанда да айыппул эки эсе көп. Беларуста болсо жол эрежесин одоно бузгандарга биринчи жолу олчойгон айып пул салынат, экинчисинде автоунаасын конфискация кылып коёт. Биз болсо бир жарым миң сом менен отурабыз. Тартипке салбасак өзүңөр көрүп атасыңар, айдоочулар чектен чыгып кетти.


Айдоо маданиятын билбеген айдоочулар көбөйдү


Биз шаар көчөлөрүнөн бир нече айдоочуларды сурамжылаганда, алардын басымдуу көпчүлүгү айдоочулардын маданиятсыздыгы улам күчөп, өзгөчө мас абалында рулга отурган жаштардын көбөйгөнүнө тынчсызданып жатышканын айтты.

Такси айдаган Урмат Калчаев:

- Дал ошол жол эрежесин сактабагандардын айынан авариялар болуп, кишилер өлүп жатат. Жөөлөйт, алдыңан чыга калат, айтор башаламандык. Бирок айыппулду көбөйтсө МАИ кызматкерлери параны да көбүрөөк алып калышат. Ошол жагын да катуу көзөмөлдөш керек.

Айрым өкмөттүк эмес эмес уюмдардын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жол кырсыктарынын 44 пайызы жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткендерге туура келет. Алардын арасында өлүмгө алып келген учурлар да көп.

“Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова да айыппулду көбөйтүү аркылуу кырсыктардын санын азайтса болооруна ишенет:

- Бул кырсыктарды азайтуунун бирден бир чарасы болмок. Азыр башка чаралардын натыйжасы жок болуп жатат, мыйзамды сыйлабайбыз эч качан. МАИ кызматкерлери да эреже бузгандарды кармоого аракет кылат, бирок профилактика иштери Кыргызстанда жокко эсе. Айып пулду кескин түрдө көтөрбөсө абал оңолбойт.

Кыргызстан 2011-жылы жол-транспорт кырсыктарынын кесепетинен орточо 250 миллион доллар чыгым тартты. Бул ички дүң жыйымдын 4,3 процентине тете акча. Быйыл болсо сонку он айда эле жол кырсыктары өткөн жылга салыштырганда 30 процентке көбөйгөн, башкача айтканда январь айынан декабрга чейинки убакта 6 минден ашуун автоавария катталганын Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматы билдирди.

Өзгөчө соңку эки ай ичинде ири кырсыктардан улам ондогон адамдар мерт болгон. Эми МАИ башчылары да, депутаттар да айып пулду көтөрүү аркылуу мындай кырсыктар азаяр бекен деген үмүттө турушат.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG