Кумтөр боюнча тынч митинг өттү
26-декабрда Жети-Өгүздүн Саруу айылында 20 чакты киши чогулуп, тынч митинг өткөүштү. Алар парламенттин Кумтөр боюнча жыйынын радиодон угуп, өз пикирлерин айтышты. Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, акциянын катышуучулары Кумтөрдөн казылып алынган алтындын 70% Кыргызстан өзүнө алышы керек деген талап коюуда. Бүгүн өкмөт парламентке Кумтөрдөгү үлүштү 50/50 кылуу сунушу менен келип, суроо-жооп болду. Парламент ага чейин кыргыз тараптын үлүшү 67%н кем болбосун деген талап койгон. Саруу айылында май айынан бери Кумтөрдүн улутташтырылышын талап кылган акциялар өтүп келатат.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 17, 2026Анар-Бак: "Жер деп жүрүп оорукчан болуп калдык"
-
Сентябрь 16, 2026"Мектепте жок китеп базарда турат"
-
Август 02, 2026"ВИЧтин азабынан күйөөм менен ажыраштым"