Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

​Саруу: жөө жүрүш Бишкекте уланабы?


Саруу айылынын тургундары нааразылык акция учурунда. 26-ноябрь, 2013-жыл.
Саруу айылынын тургундары нааразылык акция учурунда. 26-ноябрь, 2013-жыл.

Ысык-Көлдүн Саруу айылынын тургундары Кумтөр алтын кенине байланыштуу талаптар менен 30-мартта райондун борборуна жөө жүрүш жасашты.

Саруулук активисттердин айтымында, жекшембидеги нааразылык акциясына 500гө чукул киши чогулган. Алар жергиликтүү акимиаттын алдына топтолуп, буга чейин айтылып келген талаптарды дагы бир ирет кайталашкан. Митингдин катышуучусу Кайрат Качаганов чогулгандар айрым маалымат каражаттары жазып чыккандай радикалдуу кадамдарга барган эмес:

- Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшүн көбөйтүү, экологиялык чыгымдарды төлөтүү жана камалган балдарыбызды бошотуу талаптарын айттык. Жергиликтүү милициянын башчысы, район акимдери менен жолуктук, мыйзам чегинде гана иш алып баруу тууралуу сүйлөштүк. Биз Кумтөрдүн аягына чыгып, балдарыбызды бошотуубуз керек.

Айрым интернет сайттар бул митингдин катышуучулары Караколго көздөй келатканын, жолдор жабылышы мүмкүн экенин жазып чыгышкан. Качагановдун айтымында, Жети-Өгүздөгү митингден кийин Сарууда да жыйын болгон. Митингдин уюштуруучуларынын бири Замир Меңдибаев саруулуктар оппозициянын Бишкекте пландаган митингине кошулбасын, бирок жакынкы күндөрү каршылык акцияларын өткөрүүгө камынып жатышканын кошумчалады

- Жакын арада Бишкекке барабыз деген чечим кабыл алып жатабыз. Кумтөргө кеткен жолду жабалы же Бишкекке жөө жүрүш жасайлы деген сунуштар айтылды. Биз жакынкы он-он беш күндүн ичинде Бишкекке жөө жүрүш жасайбыз.

Саруудагы митингге саясатчы Мукар Чолпонбаев да катышкан. Бирок митингдин уюштуруучулары саруулуктарга оппозиция тараптан эч кандай колдоо болбогонун айтышууда. Район борборуна жөө жүрүш жасагандар менен жолуккан Жети-Өгүз районунун акими Калыс Жудеев чогулгандардын саны эки жүздөн ашпаганын, алар мурда коюлган талаптардын аткарылышын гана кайталашканын айтты:

- Болжол менен эки жүздөй киши келди. Кумтөрдүн элүү пайыздык үлүшүнө каршыбыз, куугунтук токтотулсун, экологиялык зыяндар төлөнсүн деп айтышты. Сотторго нааразылык билдиришти. Мурда коюлган талаптар аткарылсын дешти.

Жудеевдин айтымында, учурда аймакта кырдаал туруктуу, соңку күндөрү өтүп жаткан митингдерде эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок.

Өткөн жумада Саруу айылынан келген 15 чакты тургун ушул эле талаптар менен Ак үй алдына митингге чыгып, депутаттар менен жолуккан. Саруулуктар Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен өткөн жылдын май айынан бери түрдүү нааразылык акцияларын өткөрүп келе жатат. Кээ бир акциялар башаламандык менен коштолуп, учурда айылдын 8 тургуну соттолууда. Бийликтер болсо саруулуктар аткарылбай турган талаптарды коюп жатышканын айтып келишет.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG