Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Апта: Казакстандын көзүн караган энергетика


Жаны жыл алдында Кыргызстандын түндүк аймактарында электр энергиясын жапырт өчүрүүлөр, чектөөлөр болду.

Энергетика министрлиги муну кошуна Казакстанда жаңы подстанциялар курулушу менен байланыштырды.

Чоң тобокелчиликке кабылган энергетика

Жаңы жыл алдында Кыргызстандын түндүк региондорунда электр энергиясын берүүдө чектөөлөр киргизилди. Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында электр энергиясы эки саатка өчүрүлө баштады. Бирок көп өтпөй өкмөт чектөөлөрдү кайра алып салды. Маселени 31-декабрда талкуулаган өкмөт сауна, автоунаа жуугучтарга электр энергиясын берүүнү чектөөнү чечти.

Энергетика тармагында пайда болгон кыйынчылыктардын себеби тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев буларды билдирди:

- Алматы-Батыш подстанциясы ишке киргенге байланыштуу Кыргызстанга келип жаткан электр энергиянын өлчөмү азайды. Ошого байланыштуу биз өзүбүздүн ички энергосистеманы оптимизация кылып, кыргызстандыктарга электр энергиясын өчүрбөш үчүн ишти жүргүзүп жатабыз. Бирок электр энергиясын колдонуу кескин түрдө жогорулап баратат. Бул кандай коркунучтарды алып келиши мүмкүн? Бул жалпы авариялык өчүрүүгө алып келиши мүмкүн. Ошон үчүн жалпы элге кайрылып, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууну суранат элем.

Министр Артыкбаев ошондой эле калкты үйлөрдү жылытуу үчүн көмүр пайдаланууга чакырып кетти.

"Улуттук электр станциялар" акционердик коомунун башкы директору Медет Айткулов Казакстанда жаңы подстанциялар курулуп, жаңы электр зымдардын тартылышынын Кыргызстанды электр энергиясы менен камсыздоого кандай тиешеси бардыгы тууралуу суроого мындайча жооп берди:

- Ошол бүткөндөн кийин мурунку ток агымдары өзгөрүлүп кетти. Тармак ичинде конфигурация аябай өзгөрүлдү. Ошонун эсебинен бизге агып келаткан электр энергия өзгөрдү. Кышында түндүккө өзүбүздүн тармактын күчү жетпей калат. Ошон үчүн Казакстандан алабыз. 220 киловольттон эки линия бар. Ал Алматынын жанындагы подстанциялардан чыгат.

Айткуловдун айтымында, Казакстан өзүнүн энерго алкагын курду. Ошондуктан анын ичиндеги ток агымдарынын кандай өзгөрүшү Кыргызстанга белгисиз болуп калды. Мына ошонун айынан да тийиштүү даярдыктар көрүлгөн эмес. Бирок Айткулов бул маселе Датка-Кемин электр линиясынын ишке киргизилиши менен гана чечилээрин кошумчалады.

“Түндүкэлектро” акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Сапар Аргымбаев энергетика тармагындагы оор абалды министрликтин башында адистердин турбашы менен байланыштырды. Анын айтымында, Бишкекте, Ысык-Көлдө курулуп жаткан жаңы үйлөрдүн дээрлик баары электр энергиясына ыктап, керектөө кескин өсүп баратат. Алардын бардыгына электр энергиясын пайдаланууга энергетика тармагынын мүмкүнчүлүгүнө карабай уруксат берилип жатат. Казакстанда жаңы подстанциялардын курулушу, электр зымдарынын тартылышы боюнча маалыматтар болгон. Ага даярдык көрүлгөн эмес. Тескерисинче министрликтин жетекчилиги кышка энергетика тармагы даяр деп рапорт берип жүргөн, деп белгиледи Аргымбаев.

"Улуттук электр станциялар" акционердик коомунун жетекчиси Медет Айткуловдун айтымында, азыркы кезде электр энергиясын берүүдө чектөөлөр алынып салынды. Бирок берилип жаткан электр энергиясынын сапаты боюнча маселе бар, ошондой эле энергетика системасы чоң тобокелчилик менен иштеп жатат.

Мына ушундай шартта курулуш тармагына электр энергиясын берүүнү чектөөнү энергетиктер жактап жатышат. Алардын эсеби боюнча, Бишкекте курулуп жаткан элиталык көп кабаттуу үйлөрдө ички жасалгалоо иштерин жүргүзүүгө, дубалдарды кургатуу үчүн абдан көп электр энергиясы сарпталууда. Энергетика тармагы оор абалда турганда мындай иштер жаз, жай мезгилдеринде жүргүзүлүш керек.

Токтогул суу сактагычында да суунун көлөмү өткөнкү жылга караганда аз. Азыркы мезгилде 13 млрд. куб метрдин тегерегинде суу калганын "Улуттук электр станциялар" акционердик коому маалымдаган.


Жаңы жылда жаңы максаттар, эски проблемалар...


Энергетика системасындагы мына ушундай проблемалар менен Кыргызстан 2014-жылды тосуп алды. Мамлекет башчысы жалпы журтту кирип келген жаңы жылы менен куттуктады. Ал өлкөдө ГЭСтер курулуп, ТЭЦтер оңдолуп, ЛЭПтер курулуп, ар бир региондо заңгыраган жолдор салынып жатканын, айыл чарбасында, суу чарбасында ири долбоорлор аткарыла баштаганын, аскердик реформа эки-үч жылдын ичинде жемишин берээрин билдирди. Алмазбек Атамбаев баарын биригүүгө да чакырды.

Бирок Кыргызстанда Кумтөр боюнча келишпестиктер, коррупцияга каршы күрөштөгү карама-каршылыктар жана саясий таймаштар курч мүнөздө кала берүүдө. Маселен, Кумтөр Жогорку Кеңеште да, калк ичинде да чечилбеген чие бойдон турат. Парламент жаңы жылдан кийинки сессиясында мына ушул маселени карары белгилүү.

Бул маселе өлкөнүн туруктуулугуна коркунуч туудурган факторлордон экени Эл аралык валюта корунун жылдык докладында айтылган. Жалпы экономикалык абалга токтолгон ЭВФ 2013-жылы Кыргызстан экономикасы дурус өсүштөргө жетишкенин белгилеген. 2014-жылдагы тобокелчиликтер катарына Эл аралык валюта кору Транзиттик борбордун чыгышы менен бюджеттин 200 млн. доллардай жоготуусун, Орусия жана Казакстанда экономиканын өсүү темпинин басаңдашын атаган.

Мэрликке талапкерлер да тил сынагынан өтөт

Кыргызстан январь айында өткөрө турган дагы бир саясий өнөктүк - бул Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо. Шайлоо күнү 15-январга белгиленген. Келерки жумада талапкерлерди көрсөтүү соңуна чыгат. Мына ошондо Ош мэрлигине талапкер болуп жаткан Мелис Мырзакматовго бийлик тараптан кайсы талапкер каршы чыгары жана Бишкек мэрлигине ким көрсөтүлөрү айкын болот. Азыркы кезде шаардык кеңештердеги фракциялар өз ара кеңешүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарланууда.

Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссиялары болсо талапкерлерди каттоо жана аларды тил сынагынан өткөрүүгө даярдык көрүп жатышканын кабарлашты.

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Рысбек Нурдиновдун айтымында, тил комиссиясы түзүлүп, сынак өткөрүүгө даярдык көрүлдү:

- Бир дагы талапкер азыр каттоодон өтө элек. Жети адамдан турган тил комиссиясынын курамы түзүлдү. Талапкерлер катталса, сынакты кайсы бир күнгө дайындайбыз. Тил сынагы президенттикке талапкерлер кандай мамлекеттик тилден сынак тапшырып келсе, дал ошондой шарт менен жүргүзүлүп, “билет” же “билбейт” деген гана баа берилет. Сынак көркөм окуу, өз тилинде программасын айтып берүү жана жазуу түрүндө болот.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, мэрликке талапкерлерди көрсөтүүгө премьер-министр жана шаардык кеңештердеги фракциялардын укугу бар. Андай укуктан фракциялар пайдаланып, келерки жумада талапкерлерин атамакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG