Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Муфтий: Президент билбеген чындык бар


Рахматулла ажы Эгембердиев муфтийликке шайлангандан кийин, 15-декабрь, 2012.
Рахматулла ажы Эгембердиев муфтийликке шайлангандан кийин, 15-декабрь, 2012.

Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын жетекчиси - муфтий Рахматтулла ажы Эгембердиев муфтиятка жана өзүнө байланышкан соңку жаңжалдар тууралуу ой бөлүштү.

- Рахматтулла мырза, жакында эле сизге байланыштуу тасма коомчулукта кызуу талкууга түштү эле, бүгүн эми сиздин кызматтан кетишиңизди талап кылган митинг өтүп жатат. Соңку учурда сизге айтылган үстөккө-босток сындарга кандай жооп бересиз?

- Мунун баары былтыр мен кызматка келгенден кийинки чуулардын уландысы. Мен ушул күнгө чейин кыргыз элинин, жалпы эле мусулмандардын тынчтыгы үчүн деп кээ бир нерселерди айтпай келаткам. Бирок карап көрүңүз, мага каршы бүгүн дем алуу күнү да митинг уюштурушуп, ал жерге эки-үч жамаат чыгып, анан аларга мамлекеттик бир чиновник келип сүйлөп, чуу көтөргөнү мага өтө таңкалычтуу болуп жатат.

Мунун баарына жакында тараган видео тасма себеп болду. Мен видео ким аркылуу тартылып, таратылганын билдим. Мен анын атын ушул күнгө чейин атабай, ызы-чуу кылбайын, стабилдүүлүк болсун, адам укугу корголоор деп күтүп келдим, бирок ал адам өзүнүн гана кызыкчылыгын коргоп келатат. Ал - президентке караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев. Жумабаев мен муфтийлик кызматка келгенге чейин эле мага келип: “Менин максатым - "Таблиги жамаат" агымын жабуу, андан башка системаны алып келүү жана ажылык”, - деп ачык айткан. Мен мунун баарын президенттин саясатына каршы чыкпайм деп айтпайм келгем, бирок унчукпай койсом Жумабаев мусулмандар арасында ачык ажырым жаратууга өттү.

Ал бир күн мурун бүгүнкү митингди пландап, жыйын өткөрүп, бүгүн болсо митингге келип президенттен макулдук алдым деп, менин ордума Максат Каңкыбаевди муфтий кылабыз деп сүйлөптүр. Каңкыбаев муфтияттын Москвадагы өкүлү болуп иштечү, аны бир топ күн мурун Бишкекке алып келишкен. Ал киши Абдулатиф Жумабаевдин өкүл уулу болот. Аны президенттин кеңешчиси Абдышүкүр Нарматов да колдоп чыккан. Мен бул иштерден урматтуу президентибиздин маалыматы жок деп билем. Бирок булар президенттин атын сатып ушундай иштерди жасап жатышат. Мага, муфтиятка, муфтияттын кызматкерлерине, ажылыкка байланыштуу бардык чууларга Абдулатиф Жумабаев менен Абдышүкүр Нарматовдун тиешеси бар.

- Алар эмне үчүн сизге каршы чыгып жатышат, аны эмне менен негиздешет?

- Бул жерде саясий кызыкчылыктар балким бардыр, бирок башкысы ажылык кызыкчылык. Бул экөө былтыр мага келип, "ажылыкка бизге баланча квота бересиң, биз сени президент менен жолуктурабыз" дешкен. Ошолордун автоунаасында отуруп сүйлөшкөнбүз. Дал ушул экөө мени бүгүнкү күнгө чейин президентке жолотушпайт. Биз президенттин саясатын колдойбуз, ал салттуу динди колдоп атат, Абу Ханифа мазхабы деп атат, бул өтө туура. Президенттин ачык айтканын кошуна өлкөлөрдөгү диний аалымдар да мактоого алып жатышат. Биз дагы ар бир диний кызматкерден масхабда гана иш алып барам деген келишим кат алдык. Ушунун баары мамлекетибиз үчүн, президентибиздин айтканынан чыкпай туура иш алып барганыбызды билдирет эмеспи. Бирок Жумабаев менен Нарматов президенттин атын сатып иш жүргүзүп жатышат. Бул анык.

Абдышүкүр ажы Нарматов: Муфтийге байланышкан чууга тиешем жок

Нарматов: Муфтий чуусуна тиешем жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:45 0:00


- Кыргызстанда ажылыктын айынан жыл сайын тополоң болот. Эмне үчүн ажылык абдан маанилүү, талаштуу темага айланды. Бул жерде чоң акча роль ойнойбу же башка кызыкчылыктар барбы?

- Ажылыктын акчасын топтогондо бир жылда тогуз миллион доллардын тегерегинде акча болот. Бул учакка, жатакана, тамак-аш жана башка чыгымдарга жумшалат. Муфтиятка болсо 500 миң доллардын тегерегинде пайда калат. Орозбек Молдалиев (Президенттин парламенттеги өкүлү) муфтиятта 5-6 миллион доллар көмүскө акча бар деп жатпайбы, бул жалган. Ошончо чоң акча болсо биз 200 миң долларлык салыктан качат белек? Жок шылтоону таап, мага да, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловго да кылмыш ишин ачуу бул Абдулатиф Жумабаевдин туура эмес саясаты. Бул киши мусулмандар менен мамлекеттин ортосунда чоң жарака кетирди.

- Президенттин алдындагы дин иштери боюнча комиссия менен муфтияттын тиреши кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн?

- Мурда жакшы иштешип келгенбиз, жыйындарга катышып, алар муфтиятка сунуштарын берип, иштешип жүргөнбүз. Бүгүн эч кандай кызматташуу жок. Мен Жумабаевдин кабылдамасында алты ирет болдум, ал мага бир эле жолу келди. Мындан да жыйынтык чыгарса болот. Ал киши Уламалар кеңешинин жыйынына да, эл аралык жыйындарга да катышпайт. Президентке туура маалыматты жеткирбей жатат. Эң уяттуусу - ал киши көпчүлүктүн көзүнчө “муфтийге байланыштуу видеонун экинчи, үчүнчү сериясы жок деп эч ким айта албайт”, - деп айтканы болду. Демек кечээки чуулуу видеого бул кишинин түздөн-түз тиешеси бар. Мен азыр бул боюнча күч органдарына арыз менен кайрылдым.

- Президент сизди эмне үчүн кабыл албайт?

- Балким президенттин убактысы жок, балким мен айтып жаткан эки киши туура эмес маалымат берип жаткандыр. Президентке кайра-кайра кайрылып да кире албай жатам. Диний абалды өзүнө жолугуп айтып берсем жакшы болот эле. Статистика боюнча, Кыргызстанда мусулмандар 85% түзөт, диний абалды президентке жеткирүү биздин милдет, ал киши угуп койсо жакшы болот эле, мен ушуну суранам. Муфтияттын тегерегинде кайсы бир деңгээлде стабилдүүлүк орноттук, ажылыкты ызы-чуусуз өткөрдүк, имамдарга билим берүү жагынан, айтор бир топ реформаларды өткөрүп жатабыз.

- Рахматтулла ажы, сизди кызматтан кетирүү үчүн бир нече ирет коркутуу болгон, кысымдар болуп жатат деп интернетте жазгандар бар. Чын эле коркутуу, кысымга алуу күчөдүбү?

- Мени үйүмө чейин аңдышат, телефондорум да тыңшоодо. Ооруканага жатсам ал жакка да барып анализимен бери алып турушат. Аңдышат. Менин тагдырым Кудайдын гана колунда. Бирок менден кийинки муфтийге да ушундай мамиле болбойт деп ким кепилдик берет? Бул өтө төмөндүк. Мага бир нече жолу коркутуулар болду. Смстерди жиберип турушту. Чуулгандуу видео чыгаар алдында да мага Жаңы жылга белегибиз бар деп жазышты. Акча сурашкан. Бир нече шарт коюшкан, аларды аткарбасаң кызматтан кетесиң дешкен. Айрым шарттарын аткарып да көрдүм, бирок алар дагы жаңы талаптарды ойлоп чыга беришти. Мына, муфтияттын бухгалтериясынын кагаздары бир жылдан бери Улуттук коопсуздук кызматында жатат. Муфтияттын эсеби да тоңдурулган.

- Салыкты жашырды деп сизге да кылмыш иши козголуп, азыр чет өлкөгө да чыга албайт турбайсызбы?

- Ооба, мисалы үч-төрт жолу дүйнөлүк семинар, жыйындарга бара албай калдым. Мага чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган. Кыргызстандын мусулмандарынын жетекчиси катары, алардын кызыкчылыгын коргоп чет өлкөлөрдөгү жыйындарга бара албайм. "Сага жакында мындай кылабыз, тигини көрөсүң" деген коркутуулардан кийин ооруп да калдым, ооруканага жатып калдым. Кан басым пайда болду.

Абдулатиф Жумабаев: Бизге жалаа жаап жатат

Муфтият - диний абалдын күзгүсү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00

- Сиз айыптаган эки кишиден башка да айрым чиновниктер муфтияттын ишине кийлигишип, ажылыкка кызыкдар болуп, сизди кысмакка алыптыр деген сөздүн чындыгы барбы? Мисалы, Президенттин аппарат башчысынын орун басары Икрам Илмиянов тууралуу да кептер бар.

- Мен азыр эч нерсени жашырбайм, тагдырым Кудайдын гана колунда. Акыйкатты айтам деп курмандыкка чабылып атабыз. Бул жерде Икрам Илмияновдун да тиешеси бар. Былтыр мени чакырып, ачык эле "мобу авиакомпанияны ажылыкка киргизип бересиң" деп тапшырма берген. Тилекке каршы ал авиакомпаниясы ажылыкка катышпай калды. Мен анын айтканын аткарбай калдым. Анан эле мага карата ушундай чабуул башталды.

Абдулатиф Жумабаев менен Икрам Илмиянов абдан жакшы мамиледе. Былтыр эле булар ажылыкты өкмөткө өткөрөбүз деп алдын ала алты туристтик фирма менен келишим түзүп алышкан. Бул боюнча фактылар бар. Бул ишке кийлигишкен Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да бар. Мен урматтуу президентибиз Алмазбек Шаршеновичтен ушул маселеге көңүл буруп койсоңуз деп суранам. Ажылыкты деле өткөрүп берели, бирок жеке адамдар өзүнүн саясатын жасаганды токтотушсун.

Тасмада: Муфтийге каршы акция, Бишкек, 6-январь, 2014

Муфтийге каршы акция
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG