Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

“Кыргыз эл биримдиги” кыймылы Сарууда курултай уюштурат


Бул тууралуу “Азаттыкка” кыймылдын теңтөрагасы, “Чындык” партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров билдирди.

Курултай 15-январда Жети-Өгүз районунун Саруу айылында болуп, анда Кумтөр маселеси, “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын өкүлүнөн акча доолаган деп кылмыш иши козголгон Жунушбаев менен Курмановдун маселеси жана жалпы саясий куугунтуктар талкууланат. Курултайга президент, өкмөт башчы, парламент төрагасы, Жогорку Кеңеш депутаттары чакырылган.

Өткөн жылы август айынын этегинде Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургундары Эрмек Курманов менен Бактияр Жунушбаев “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын өкүлү Дуглас Гриерден ири суммадагы акча талап кылды деген айып менен УКМКнын тергөө абагына камалган. Алар өзүлөрүн күнөөсүз деп эсептейт. Башаламандык уюштурган жана акча доолаган деген айып менен Курманов менен Жунушбаевге айып расмий түрдө тагылып, иш сотко өткөн. (SA)

XS
SM
MD
LG