Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Бахадыр Кочкаров дүйнө чемпионатында калыстык кылат


Эл аралык футбол федерациясынын Кыргызстандагы калысы Бахадыр Кочкаров быйыл жайында Бразилияда өтө турган дүйнө чемпионатынын финалдык беттешүүлөрүн тейлөөчү калыстардын тизмесине кирди.
Тизме 15-январда Швейцариянын Цюрих шаарында өткөн ФИФАнын калыстар комитетинин отурумунда жарыяланды. Ал тизмеге 43 өлкөдөн тандалган калыстардын 25 тобу жана 8 кошумча калыс кирген.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатын тейлей турган 25 калыстар тобунун катарында өзбекстандык Равшан Ирматовдун тобу да бар. Бир нече жылдан бери Ирматовдун тобунда кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаров иштеп келатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов кабарлады.
ФИФА калысы Бахадыр Кочкаров мындан мурдагы Түштүк Африкада өткөн дүйнө чемпионатында жана Лондон олимпиадасында калыстык кылганын “Азаттыкка” айтып, Бразилияга азыртан даярдык көрүп жатканын билдирди.

Жайында Бразилиянын бир нече шаарында өтө турган дүйнөлүк таймаш 13-июнда башталып, футбол күйөрмандары 64 беттешүүгө күбө боло алышат. (КМа)

XS
SM
MD
LG