Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:58

Артыкбаев: ТЭЦти жаңылоо боюнча тендерде мыйзам бузуу жок


Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо, реконструкциялоо боюнча Кытайдын TBEA компаниясын тандап алууда эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди. Анын айтымында, аталган компания өз долбоорунан тышкары каржылоонун булагы боюнча да кепилдик берген. Ал эми 386 млн доллар деген баа боюнча энергетика министри Осмонбек Артыкбаев буларды билдирди:

- Душанбеде ишке кирген жылуулук электр борборунда 1 киловатт электр энергиянын баасы 1800 доллар болду. Биздики болсо 1280 долларга бааланып жатат. Ал эми дүйнөлүк тажрыйбада жылуулук электр борборлорун куруудагы 1 киловатт баасы 1400-2000 доллар. Биздики эң ылдыйкы баадан да төмөн болуп жатат.

Экономика жана ошондой эле Энергетика жана өнөр жай министрликтерине караштуу байкоочу кеңештин мүчөлөрү Бишкек жылуулук борборун реконструкциялоо үчүн Кытайдын TBEA компаниясы менен келишим түзүлгөндө бир катар мыйзамдар бузулган жана ачык-айкындык болгон эмес деп билдиришкен. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG