Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Ош: сейил бактагы курулушту ким тыят?


Аталган сейил бак беш жыл мурда менчикке берилип кеткен.
Аталган сейил бак беш жыл мурда менчикке берилип кеткен.

Ошто эс алуу багынын ордуна көп кабаттуу үйлөр курулуп, кафе-чайканалар салынып атканына жашоочулар нааразы.

Шаардын Курманжан Датка кичирайонунда жайгашкан сквер бул аймактагы жалгыз жашыл зона. Кичирайонду байырлаган жаштар учурда кайда барып эс алышарын билбей турган чагы. Ал эми бийликтер болсо бул жерлер мындан 5 жыл мурда эле менчикке берилип кеткенин айтып кол куушурууда.

Курманжан Датка (Юго-Восток) кичирайонундагы көп кабаттуу үйдүн жашоочулары алар эс алып жүргөн жайда курулуш иши башталганына нааразы болуп күн алыс чогулушат. Алар өздөрү жашаган аймактагы жападан жалгыз жашыл зонага кире албай калдык деп даттанышууда. Сквердин ичиндеги бактар болсо четинен кыйылып, отургучтар орду-түбү менен алынууда.

Бул көрүнүшкө нааразы болгондордун бири Калбай Асанов мындай деди:

- Бул тарапта жүздөгөн батир, ондогон көп кабаттуу үйлөр бар. Балдар ойной турган, жаштар эс ала турган жер болчу. Эми муну да жок кылып тынганы калышты. Ары барсаң мектеп, бери бассаң жол. Бош жер жок. Бизди туш-туштан кысып жатышат. Буга чейин бир тополоң кылып чыкканыбызда “жеңил курулуш салабыз, балмуздак сатабыз” деп айтышкан эле.

Эс алуу багына буга чейин “Манхеттен” аттуу кафе салынып, бир бурчуна болсо “Токбай ата” деген аталыштагы чайкана курулган. Сквердин бир тарабы толук тосулуп, 10 кабаттуу үйдүн курулушу бүткөнү турат. Калган бөлүктөрүнө да ушул сыяктуу көп кабаттуу үйлөр салынганы жаткан экен. Жашоочулардын дагы бири Зулпукар Белеков буларга токтолду:

- Бак-даракты кыя беришип, эч нерсе калбады. Көп кабаттуу үйлөрдүн арасында бут коерго жер жок. Кичирайон боюнча жалгыз сквер эле. Балдар эми кайсы жакка барып ойношот? Коомдук, жалпы шаардыктарга тиешелүү жер болуп атса, кайсы жинди, кандай кылып сатып жибергенин эч ким билбейт.

Тургундардын айтымында, бул жердеги үй курулуштарына, кафе-чайканаларга Оштогу ири бизнесмен Жалил Атамбаев ээлик кылат. Бирок анын өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Өзү тургай курулушчулар да жанына жакын жолотподу. Бирок бул жердеги көп кабаттуу үйдү “Ансар-Трейд” аттуу курулуш фирмасы куруп жатканын биле алдык. Анын Равшан өкүлү аттуу бизден оолактоого аракет кылды:

- Жердин ээси ким экенин билбейм. Жалил аке, Мирлан акелер менен келгенде гана жолугабыз. Силерге номерлерин бере албайбыз. Силер тургай, биз чалсак да телефондорун алышпайт. Өздөрү келит, тапшырмаларды берип коюп кетишет. Силер муну чукулап не кыласыңар? Бул бир эле көп кабаттуу үй эмес, бул жерге дагы төрттөн сегиз кабаттуу үй түшөт деп картасын көтөрүп жүрүшөт. Сен бир эле үйдү проблема кылып атасың.

Жергиликтүү бийликтер болсо бул жерлер мындан 5 жыл мурда эле жеке менчикке берилип кеткенин, алар жерлерине каалаган нерсесин курууга акысы бар экенин моюнга алышты. Ош шаардык курулуш жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Баетов мындай дейт:

- Сквер турган жер Союз учурунда, андан кийинки мезгилдерде деле мамлекетке таандык болчу. Бирок 5 жыл мурда документтерин караганыбызда, жеке менчикке өтүп кеткен экен. Менин билишимче, бир адамга эмес, 5-6 адамга тиешелүү. Алгач дүкөн, ресторан, мончо салабыз дешкенде уруксат берилген эмес. Анткени, шаардын башкы планы боюнча ал жерлерге көп кабаттуу үйлөр түшүшү керек экен. Ошондон кийин ал жерге көп кабаттуу үй салуу боюнча сунуштар түштү. Биз колдоп бергенбиз. Эми элдер бак эле, андай эле, мындай эле деп атышпайбы, муну биз мурда көргөнбүз билебиз. Эс алуу багы каралбай калган, абалы начар болчу.

Ошентсе да бул жердеги курулуштар боюнча маселе жакын арада Ош шаардык кеңешинде каралаары белгилүү болду. Жергиликтүүлөр өз алдынча топ түзүп, бактын кыйылбай калган жагын сактап калуу аракетин көрүшүүдө. Алар бул чырга чекит коюуга парламент депутаты Эркин Алымбековду да жардамга чакырышкан.

- Парк зоналарында, эс алуу зоналарында мындай курулуштарды курууга тыюу салган мыйзамдык нормалар бар. Ошонун негизинде бул скверди талкалап, сындырып, анын ордуна кафе, же менчик үй салган болбойт. Ушул жердин жашоочуларынан түзүлгөн демилгелүү топ иликтеп, бизге документтерди берсе, бул маселени Жогорку Кеңештин комитетинде карайбыз. Экологиялык жана курулуш нормалары бузулса чара көрөбүз. Биз элдин жашыл зонада эс алуу укугун кайрып беришибиз керек,- деди Алымбеков.

Ош шаарында эс алуучу жашыл зоналар манжа менен саналат. Бирок ошого карабай скверлердин минтип жеке адамдарга берилип жатканы коомчулуктун кыжырдануусун жаратууда.

Жерге ээлик кылат делген Жалил Атамбаев Ошто эң бай кишилердин бири деп билишет . Ал мындан башка ондогон кафе-ресторан жана имараттардын ээси экени коомчулукта айтылып жүрөт. Өзү Ош эл аралык аэропортунун милициясынын башчысы кызматын аркалайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG