Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

"Манас" аба майданы тажик жарандары атайын кармалбаганын тастыктады


Дүйшөмбү-Бишкек каттамында учуп келген тажикстандык жарандар “Манас” аба майданында атайын кармалган эмес. Чек ара кызматкерлеринин документтерди текшерүү жараяны гана бир аз созулган. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Мунун алдында 27-январга караган түнү Тажикстандан учуп келгендер "Манаста" бир топ убакыт кармалып, анан коё берилгени тууралуу маалымат тараган болчу.

Чек ара кызматынан "Азаттыкка" билдиришкендей, аба майданында паспортторду текшерүү жараянынын узакка созулушунда эч кандай саясий маселе жок.

11-январда кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан улам өткөрүү пункттары жабылган. Бирок авикаттамдарга чектөө киргизилген эмес.

Бишкек-Дүйшөмбү каттамы боюнча жумасына төрт каттам аткарылат. Аны “Тажикэйр” жана Кыргызстандын “АвиаТраффик” компаниялары жүргүзөт. (SE)

XS
SM
MD
LG