Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Теңирчилер президентке кайрылды


Сүрөттө теңирчи Кубанычбек Тезекбаев.
Сүрөттө теңирчи Кубанычбек Тезекбаев.

Теңирчиликти дин катары каттоону талап кылган айрым коомчулук өкүлдөрү президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоду.

Алар Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия теңирчиликти дин катары каттабай жатканына нааразы болушууда. Ал эми Дин комиссиясы болсо, эксперттик топтун корутундусуна таянып, теңирчиликти дин катары каттоодон баш тарткан. Буга чейин аталган маселе сотто да териштирилген болчу.

Теңирчилик дин боло алабы?

“Манас Ордо” коомунун төрагасы Анарбек Усупбаев жана экс-депутат Асланбек Малиев баштаган бир катар адамдар 31-январда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, президентке кайрылуу жолдошту. Анарбек Усупбаев расмий каттоодон өтмөйүнчө теңирчиликти үгүт кыла алышпай жатканын айтып нааразы болду.

- Диний каттоодон өткөн күбөлүк болмоюнча, диний үгүт кылууга уруксат жок. Ар бир адамдын өз көз карашы бар. Конституцияда жана дин жөнүндө мыйзамда буга укук берилген. Бир киши болсо да ошону сыйлап, анын динин катташ керек. Бизге башка диндегилер каршы эмес, бир гана ислам дининдегилер каршы чыгып келатат.

Анарбек Усупбаев
Анарбек Усупбаев
Президентке жасалган кайрылууда ислам дининин Кыргызстанда тездик менен жайылышы мамлекеттин светтик принцибине доо кетирип жатканы, андыктан кыргыздар ата-бабаларынын байыркы дини - теңирчиликке кайтуу керектиги айтылат. Ал кайрылууга Турар Койчиев, Илгиз Айтматов, Кайыргүл Сартбаева, Омор Султанов, Миталип Мамытов, Абдыганы Эркебаев, Клара Ажыбекова сыяктуу коомдук ишмерлер, академик-окумуштуулар кол койгон.

Экс-депутат Асланбек Малиевдин айтымында, теңирчилик кыргыздардын адат-салтына, дүйнө таанымына негизделген дин.

- Биздин дин кыргыз элинин адат-салттарына, маданиятына негизделген дин. Андан башка эч нерсе жок. “Башка диндердин Кураны, Инжили же Тоораты бар, силердин эмнеңер бар?” дешиңер мүмкүн. А кыргыздардын болсо укмуштуудай эпостору бар. Бул биздин руханий дүйнөбүздүн бир бөлүгү. “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Кожожаш”, “Эр-Төштүк”, “Курманбек”, “Жаныш-Байыш” эпосторубуз бар. Биздин динибиздин пайдубалы ушулар.

Кыргызстанда исламдын таасири күчөп баратат.
Кыргызстанда исламдын таасири күчөп баратат.
“Манас Ордо” коомунун төрагасы Анарбек Усупбаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга теңирчиликти дин катары каттоо талабы менен өткөн жылы эле кайрылган. Бирок атайын эксперттик топ теңирчиликти дин катары каттоого негиз жоктугун айткандан кийин ал өтүнүч канааттандырылган эмес.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын юристи Жаныбек Ботоев буларга токтолду.

- Исламдын мисалы Кураны, христиандардын Инжили, иудейлердин Тоораты бар. А булардын болсо таянар эч нерсеси жок. Булар “Манаска” таянып жатышат. “Манас” диний китеп эмес да. Мындан тышкары, бизге каттоо үчүн алып келген документтеринде катачылыктар болгон. Ошолорду да оңдоп келгиле десек, оңдошкон эмес. Ошентип, эки жолу каттаган эмеспиз, кийин анан булар сотко берген.

Жаныбек Ботоев кошумчалагандай, теңирчиликти жактагандар соттук жараяндарга себепсиз толук катышпай койгондуктан, сот иши токтотулган.
Ботоевдин айтымында, теңирчиликти жактагандар ислам динине каршы болуп, мүмкүн болушунча аны жаманатты кылуу аракеттери да чочулатат.

Журналист жана “Манас” изилдөөчү Темирбек Токтогазиев кыргыз эпостору теңирчиликтин негизи боло албайт деп эсептейт.

- “Манасты” теңирчиликтин китеби деп айтканда туура эмес болуп калат. Себеби “Манастын” кайсы гана вариантын алба, исламдын элементтери бар. Сагымбайды, аласыңбы, Саякбайды же башкасын аласыңбы, ислам түшүнүктөрү кездешет. Теңир деген сөзгө келсек, ал Кудайдын, Алла Тааланын эле кыргызча аталышы. Аны өзүнчө дин кылып каттатабыз дегендердики туура эмес. Ушинтип отуруп, “Манасты” мусулмандарга каршы коюп жатышат.

Теңирчилик буга чейин кыргыз элинин дүйнө таанымы жана философиясы катары каралып келген. Аны дин катары каттоо талабы ишке ашар-ашпасын убакыт көрсөтмөкчү.
XS
SM
MD
LG