Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Теңирчилер менен исламчылар ийге келди


Өзүн теңирчи деп эсептеген Кубанычбек Тезекбаев санаалаштары менен сыйынуу жөрөлгөсүндө.
Өзүн теңирчи деп эсептеген Кубанычбек Тезекбаев санаалаштары менен сыйынуу жөрөлгөсүндө.

Диний касташууну козутту деп айыпталып жаткан “Тай тебиш” мушташ өнөрүнүн түптөөчүсү, өзүн теңирчи санаган Кубанычбек Тезекбаевге козголгон кылмыш ишин кыскартуу сунушталууда.

Мамлекеттик айыптоочу Биринчи май райондук сотуна берген бул сунушун диний кастыкты ырбатпоо аракети менен негиздеди. Мусулмандарга акаарат келтирип жатат деген кайрылуу каттын негизинде УКМК Тезекбаевге каршы кылмыш ишин козгоп, сотко өткөргөн. Бул ишти бүгүн Биринчи май райондук соту карап бүттү жана өкүм эртең чыгарыларын маалымдады.


Тараптар мунаса тапты


Ишти карап жаткан мамлекеттик айыптоочу Кудайберди Чаргынов Кубанычбек Тезекбаевдин диний кастыкты козутууга болгон аракети толугу менен далилденгенин билдирүүдө. Бирок мамлекеттик айыптоочу диний кастыкты ырбатпоо максатында Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 65-беренесине ылайык, иш өз маанисин жоготконуна байланыштуу кылмыш ишин кыскартып салууну сунуштады.
Ажылардын арасында да кыргыздын каада-салтын сыйлагандар бар. Алардын кадыр-баркына шек келтирген жокмун деп ойлойм. Кубанычбек Тезекбаев

Айыптоочунун мындай чечимге келишине Кубанычбек Тезекбаевди мусулмандарга акаарат келтирди деген билдирүү менен УКМКга кайрылган “Апрель баатырлары” коомдук уюмунун төрагасы Турусбек Сагынтаевдин Тезекбаевге эч дооматы жоктугун билдириши да себеп болгон.

Турусбек Сагынтаев болсо Кубанычбек Тезекбаевдин радиого берген интервьюсунда айрым диний касташууну күчөтө турган элементтер бар экенин байкап, УКМКга кат жолдогонун тастыктоодо. Бирок ал иштин мынчалык ырбап кетээрин күтпөгөнүн белгилейт:

- Мен УКМКга радио-телекөрсөтүүлөрдө диний темаларда сүйлөгөн адамдардын элдин азыркы акыбалын эске алгыла же аларды тартипке саласынарбы деп эле кат жолдоп, сунушумду айткам. Анан ал ушунчалык дүргүп кетээрин күткөн эмесмин. Бул жөн гана элди дүргүткөн окуя болуп калды.

“Тай тебиш” мушташ өнөрүнүн түптөөчүсү Кубанычбек Тезекбаев УКМКнын ага койгон айыбына макул эместигин билдирүүдө. Ошентсе да, исламды туура алгандарга багытталган сын-пикирлер чыныгы мусулмандардын кадыр-баркына шек келтиргени үчүн кечирим суроого даяр:

- Ажылардын арасында кыргыздын каада-салтын сыйлагандар бар. Алардын кадыр-баркына шек келтирген жокмун деп ойлойм. Менин айткандарым динди туура эмес түшүнгөндөргө багытталган болчу.

Буга чейин журт ичинде бул окуя кыргыз салттарын жана улуттук дөөлөттөрүн туу туткандар менен ислам динин кармангандарын тиреши катары бааланып жаткан эле. Себеби, акыркы учурда Кыргызстанда ислам динин тутунгандар менен теңирчилик идеясына берилгендер арасында ажырым көзгө ачык урунуп, Кубанычбек Тезекбаевге кылмыш иши ачылган соң да бир катар кайым айтышуулар болуп өткөн.


Маани бербей турган маселеби?

Жөн эле болбогон маселени күчөтүп, ырбатып жатат. Мунун артында кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы болушу мүмкүн.Кален Сыдыкова

Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгынын муфтийи Чубак ажы Жалиловдун айтымында, мусулмандар мамлекеттик айыптоочунун ишти ырбатпай, ишти кыскартуу жүйөөсүн колдошот:

- Бул жерде кеп “Тай тебиште” же исламда эмес, бул жерде маселе кыргыздарды бөлүп-жарууда болуп жатат. Кандайдыр бир сырткы күчтөр астында намаз окуган кыргыздар менен улуттук каада-салттарды бийик койгон кыргыздарды бөлүп-жарып, мусулманчылыкты “Манаска” каршы коюп, ошондон чыр чыгарууга аракет сыяктуу сезилип жатат. Бул маселеге маани бербешибиз керек. Ишти жаап, кайым айтышты кыскартуу демилгесин мен колдойм. Бүгүн бардык соттошууларды токтотууга буюруп, кечирим бердик.

Анткен менен Кубанычбек Тезекбаевдин бир катар тарапкерлери Тезекбаевге кылмыш ишин ачышы жөн жеринен эмес деп эсептешет.

Журналист Кален Сыдыкова бул кылмыш ишинин аркасында кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы жатышы мүмкүн деп жоромолдойт:

- Бүгүн сот отуруму болуп жатат. Бирок доону коюп, сот болсун деп арыз берген киши жок экен. Жөн эле болбогон маселени күчөтүп, ырбатып жатат. Мунун артында кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы болушу мүмкүн. Эч ким арыз жазбаса деле экспертиза дайындап, ага бүтүм чыгаруу - бул адамдын укугун бузуу.

Диний касташууну козутту деген Кубанычбек Тезекбаевге байланыштуу сот чечими 1-февралда чыгаары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG