Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Атамбаев: Муфтият коммерциялык борборго айланып бараткандай


Кыргызстандын мусулмандар диний башкармалыгы «бабаларыбыздан калган ханафи мазхабынын руханий жана билим борбору болуунун ордуна жалаң гана акча менен алек болгон коммерциялык борборго айланып бараткандай сезилет». Мындай пикирин бүгүн Коргоо кеңешинин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Жыйында өлкөдөгү диний кырдаал талкууланууда.

- Тилекке каршы, муфтият акыркы жылдары финансылык чыр-чатактардан арылбас болду, - деди мамлекет башчы.

Атамбаев диний чөйрөдө, өзгөчө мусулмандар арасында болуп жаткан процесстерди “мамлекет көзөмөлгө алып, туура багытка салбаса, анда муну бөтөн күчтөр башкарып, элдин биримдигине, мекенибиздин келечегине балта чапканы турат” деген пикирин билдирди.

Ал ошондой эле Конституцияда “Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоо максатында мамлекет бардык тиешелүү чараларды колдонууга милдеттүү” деп так жазылып тураарын эскертти. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG