Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:43

Бажы биримдигине багыт бекемделди


Орусия -- Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаев сүйлөшүүдө. Сочи, 8-февраль, 2014.
Орусия -- Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаев сүйлөшүүдө. Сочи, 8-февраль, 2014.

Кыргызстан менен Орусия президенттери өткөн жуманын соңунда Сочидеги жолугушуусунда Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине байланыштуу маселени да талкуулашты.

Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин Сочиде 8-февралда жолугушкан. Анда Кыргызстан менен Орусиянын соодасы 18% өскөнү белгиленип, бул тенденция сакталыш керектиги айтылган. Ошондой эле президенттер Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү жараянын биринчи вице-премьер-министрлер активдештирээрин белгилешкен.

11-февралда президент Алмазбек Атамбаевдин орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен да жолугушаары күтүлүүдө.

Бул жолугушууда да Бажы биримдиги негизги темалардан болору анык. Өткөн жылы декабрь айында Москва саммитинде Кыргызстан “Жол картасына” кол коюудан баш тарткан эле. Анда кыргыз бийлиги ал карта Бишкек менен макулдашылбаганын, улуттук кызыкчылыгы сакталган шартта гана Кыргызстан Бажы биримдигине кирерин так кесе айткан. Ал маселелерди тактап, бир жаңсыл чечим кабыл алууга Кыргызстанга март айына чейин убакыт берилген. Март айы болсо жакындап калды.

Ошондуктан Кыргызстан “Жол картасына” байланыштуу иштерди активдештирүүгө аргасыз болуп олтурат. Маселен, Сочиге жөнөр алдында президент Алмазбек Атамбаев биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, экономика министри Темир Сариев менен жыйын өткөрүп, Бажы биримдигине кошулуу маселесин талкуулады.

Кыргыз бийлигиндегилер Бажы биримдигине кирүү боюнча төрт-беш чечиле элек маселе калганын айтып келатышат.

Кыргызстандагы базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүчү ишканалар бирикмесинин жетекчиси, Бажы биримдигине кирүү боюнча тармактар аралык комиссиянын мүчөсү Сергей Пономарев ал маселелер тууралуу буларды айтты:

- Бул эми чек араны жабдып камсыздоо, миграциялык саясат, Дордой, Кара-Суу жана Мадина базарлары, турукташтыруу фонду. Мына ушул негизги маселелер.

Пономаревдун маалыматы боюнча, биринчи вице-премьер-министрлерге тапшырма берилгенден кийин иштер активдешип, март айында “Жол картасына” президенттерин кол коюшу күтүлөт. Андан кийин парламенттен ратификациядан өтүп, 2015-жылдан тарта Кыргызстан Бажы биримдигинин толук кандуу мүчөсү болушу мүмкүн.

Азыркы кезде Кыргызстан чече турган эң татаал маселелердин бири - үч базардын тагдыры. Ал базарлар менен жүз миңдеген адамдардын турмуш-тиричилиги байланышкан. Ошондуктан бажы төлөмдөрүн акырындап көтөрүү талабы турат. Чек араны жабдуу боюнча да маселе бир жактуу чечиле элек.

Жарандык активист Мирбек Асангариев Бажы биримдигине кирүү келишими жана анын шарттары коомчулукта ачык талкууланыш керек деп эсептейт:

- “Жол картасын” биз ачык талкуудан өткөрүшүбүз керек. Анан жарандык коом дагы өзүнүн экспертизасын берсе жакшы болмок. Биз азыр ошону парламенттен талап кылабыз. Анан “Жол картасына” кандай кол коёору белгисиз. Анткени ал жерде абдан түшүнүксүз нерселер көп.

Асангариевдин айтымында, азыркы кезге чейин ири базарлардын тагдыры эмне болору белгисиз. Мына ушундай шартта “Жол картасына” кандай кол коюлары түшүнүксүз.

Бирок кандай болгон күндө да Кыргызстан Бажы биримдигине карай кадамдарын активдештирүүгө аргасыз болуп калганы байкалып турат. Анткени биримдикке киребиз деп саясий чечимди кабыл алып, аны улам создуктура берүү негизги өнөктөшкө жакпай турган иш. Ал эми Кремлдин кыргыз бийлигине таасири кандай экени баарына белгилүү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG