Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:02

Орусия Сирия боюнча резолюциянын долбоорун сунуштады


Орусия Улуттар Уюмунун Коргоо кеңешине Сирия боюнча гуманитардык резолюциянын долбоорун сунуштады. Азырынча анын шарттары тууралуу маалымат жок. Шаршемби күнү Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Геннадий Гатилов Москва Сириядагы террорчулукка каршы резолюциянын долбоорун сунуштаарын кабарлаган эле. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги буга чейин 11-февралда Австралия, Иордания, Люксембург тарабынан Коргоо кеңешине сунушталган резолюциянын долбоорун сындаган. Аталган долбоордо калкка гуманитардык жардамды жеткирүү каралган. Долбоорду Улуу Британия, Франция жана АКШ колдошкон. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров аталган документ Сириянын президенти Башар Асадга "коюлган ультиматум" деп баалаган. 11-февралда АКШнын президенти Барак Обама орус бийликтерин Сириянын карапайым жарандарына "көңүл кош болууда" деп күнөөлөгөн (AiK).

XS
SM
MD
LG