Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Адил Тойгонбаев Москвада кайрадан кармалды


Бул жолу ал Москвада жол полициясы тарабынан кармалганын бүгүн "Азаттыкка" Тойгонбаевдин Кыргызстандагы адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди. Анын айтымында, кечээ кечинде Тойгонбаев айдап бараткан машинаны Москванын Жол коопсуздук кыймылын көзөмөлдөө инспектору токтотуп, документтерин караштырган соң Тойгонбаев Интерполдун издөөсүндө болгондон улам эки суткага кармалды.

Адвокат Икрамидин Айткулов буга чейин да Тойгонбаев 11-февралда Орусиянын аба транспорт полициясынын кармоосунан кийин бошотулганын айтып, бул жолу да эки күндүк текшерүүдөн кийин коё берилеерин ачыктыды.

Адил Тойгонбаев Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин улуу кызы Берметтин күйөөсү. 2005-жылкы ыңкылаптан кийин Кыргызстанда Тойгонбаевге “сүйлөшүп туруп, финансылык көз боёмочулук кылган, салык төлөбөгөн” деген айыптар менен эл аралык издөө жарыяланган.

Алматы милициясы да былтыр 28-июнда Тойгонбаевди кармап, кийин коё беришкени белгилүү. Казак милициясы Тойгонбаев Казакстандын жараны болгондуктан, ал Кыргызстанда кылмышкер деп айыпталып, издөө жарыяланганы менен, Бишкекке өткөрүп берилбей турганын билдирген. (SA)

XS
SM
MD
LG