Жогорку Кеңештин жер төлөсүндөгү намаз окуучу жай жабылып, чоңураак намазкана курулат. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн парламенттин иш башкармалыгынын башчысы Алмаз Кожомкулов билдирди. Буга чейин Жогорку Кеңеште депутаттардын өтүнүчү менен ибадат кылуучу экинчи бөлмө ачылаары кабарланган болчу.
Былтыр 5-сентябрда парламенттин 26 депутаты, аппарат кызматкерлери жана иш башкармалыгы учурдагы намазкана тардык кылып жаткандыктан, башка чоң бөлмө берүүнү өтүнүп, расмий кат менен төрагага кайрылган. Аны Жогорку Кеңештин аппараты карап чыгып, парламент имаратынын 3-кабатындагы маалымат борборунун жанынан намазкана үчүн бөлмө берүү каралган. Спикердин басма сөз катчысы билдиргендей, бул имараттын курулушу донорлук каражаттардын негизинде жүргүзүлөт.
Ибадат бөлмөсүнүн курулушуна айрым депутаттар жана жарандык коом өкүлдөрү каршылык билдирип келет.
Парламентте биринчи намазкана 2011-жылы ачылган. (SE\BkA)