Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Абактагы Абдулла саясий чабуулдун куралы


Чуулгандуу видеодон кадр
Чуулгандуу видеодон кадр

Интернетте камакта отурган Абдулла Юсупов катышкан дагы бир тасма тарады. Анда Бишкектеги №1 тергөө абагынын мурдагы башчысы Марс Жусупбеков соттолуучу Юсупов менен темир тор аркылуу сүйлөшкөнүн угууга болот.

2010-жылдагы талап-тоноочулукка шектелип, №1 тергөө абагында кармалып турган Абдулла Юсуповго байланыштуу 15-январда тартылган деп болжолдонгон тасма интернетке жарыяланды. Видеонун биринчи бөлүгүндө өткөн жылдын 30-декабрында “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттардын Бишкектеги №1 тергөө абагында Юсупов жаткан камеранын шартын көрүүгө барганы тартылган. Видеонун экинчи жашыруун тартылган бөлүгүндө абактын мурдагы жетекчиси Марс Жусупбеков менен ошол эле абактын жетекчисинин мурдагы орун басары Улан Абдыкеримовдуку делген сүйлөшүүлөр жазылган.

Марс Жусупбеков абактагы Юсупов менен 15-январда жолукканын “Азаттыкка” тастыктады. Бирок анда Юсуповду абактан чыгарып кетүү боюнча сөз болбогонун, тасмадагы үндөр монтаждалганын айтты.

Жусупбеков 2010-жылдын апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча соттолгон Абдулла Юсупов тартылган чуулгандуу тасмага байланыштуу өткөн жылдын 29-ноябрда камакка алынып, кийин үй камагына чыгарылган. Ал тасмада Юсупов өмүр бою эркинен ажыратылып, башка камерада кармалган кылмышкер менен жайыл дасторкондо отурганы тартылган эле. Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин тушунда Юсупов абакта ээн-эркин жүргөнү ачыкка чыккан. Январь айында Жусупбеков "Азаттыкка" берген маегинде соттолуучу Юсупов генерал Рысалиевдин көрсөтмөсү боюнча абакта ээн-эркин жүрө алганын айткан болчу.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев абактагы Абдулла Юсуповго байланыштуу тасманы таратуунун артында Зарылбек Рысалиев турат деп эсептейт. Ал эми Юсуповду бошотуу тууралуу №1 тергөө абагынын мурдагы жетекчиси Марс Жусупбеков менен сүйлөшпөгөнүн “Азаттыкка” билдирди:

- Бул Зарылбек Рысалиевдердин акыркы фокусу. Анткени Рысалиевдин Юсупов менен болгон кылмыштуу көз боёмочулуктарынын бети ачылып, тергөө бүткөнү калды. Дагы бир жолу Юсуповду акыркы жолу колдонуп, ошону менен жан соогалап калабыз деп аткан аракети.

Талап-тоноочулукка байланыштуу Текебаев менен Рысалиевдин тиреши токточудай эмес. Ички иштер министри болуп турган кезде Зарылбек Рысалиев Юсуповдун көрсөтмөсүн тастыктай турган далилдер жетиштүү экенин айтса дагы, Башкы прокуратура далилдер жетишсиз деп кылмыш иш ачкан эмес.

- "Рысалиевдин акыркы амалы" - деп Текебаев Башкы прокуратура менен чогуу, бир тараптуу иш жүргүзүп жатканын өзүнүн сөзүндө ачыктап атат. Текебаев басса-турса, жатса, ичсе көзүнө менден башка эч ким көрүнбөй калган да. Ал ошондой сүйлөй берет. Азыр мен иши жок жүрөм, анан Юсуповго барып, анын жанына отуруп, тартмак белем. Булар өздөрү [камерага] мыйзамсыз кирген.

Кызуу талкууга түшкөн тасмада абактын жетекчисинин мурдагы орун басары Улан Абдыкеримовго таандык деген сүйлөшүү дагы жазылган. Соттолуучу Юсупов андан нан жана тамеки үчүн 2000 сом сураганын эшитсе болот.

Буга чейин дагы Юсупов аралашкан бир нече видео интернетке тараган. "Ата Мекендин" депутаттары Зарылбек Рысалиевди өзүнө керектүү көрсөтмөнү алуу үчүн кылмышка шектүү адам менен кызматташ болууда деп күнөөлөшкөн.

Видео-техниканын сырын билген адистер жаңы тараган видеонун жашыруун сүйлөшүүлөрү бар бөлүгү телефонго эмес, тергөө абагынын ичинде орнотулган камерада тартылган болушу мүмкүн дешет.
Марс Жусупбековдун "Азаттыкка" берген маеги (02.01.2014)

Жусупбеков: Генералдын айтканын аткардык
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:26 0:00

XS
SM
MD
LG