Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Ош: көпүрөнүн жаңы долбоору даяр эмес


Ош шаары, Навои көчөсү. 21-февраль, 2014-жыл.
Ош шаары, Навои көчөсү. 21-февраль, 2014-жыл.

Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы эстакада көпүрөсүн бүтүрүп берүүнү убада кылды. Бирок курулуш башка долбоор менен түшөрүн айтууда.

Жумушка киришкенине толук бир ай болгондо калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев Навои эстакада көпүрөсүнүн курулушунан кабар алды. Анын абалы жана схемалары менен таанышты. Эң башкы маселе каражат табуу экенин мэр журналисттерге маек берип жатып билдирди:

- Былтыр бюджеттен 100 млн. сом каралган экен, быйыл 40 млн. сом карап атабыз. Шаардык бюджеттен дагы кошумча каражаттарды издештирүү үстүндөбүз. Бул көпүрө азыр өтө маанилүү объект. Сөзсүз бүтүрүшүбүз керек.

Шаар бийликтеринин айтымында, эстакада көпүрө таптакыр башка долбоор менен бүтөт. Ал боюнча учурда изилдөө иштери жүрүүдө. Ош шаардык жол курулуш башкармалыгынын жетекчиси Сатыбалды Абдылдакунов мындай деди:

- Мурунку долбоор менен өтө кымбат бааланып калган деп жатышат. Азыр эми жаңы долбоор боюнча, төмөнүрөөк кылып, алдынан жол өтө тургандай кылып бүткөрүүгө аракет кылабыз. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мурда 345 метр болсо, азыр мобу Мажүрүм тал көчөсү алдынан өтө турган болуп гана, кыскараак салынат. Бул курулуш канчалык эрте бүтсө, шаардагы тыгындар, ошончолук тез азаят.

Шаар жетекчисинин көпүрөдөн кабар алганын угуп, заматтын ичинде эле анын жанына жүзгө жакын тургун чогула калды. Алар курулуштун айынан жолдор жабылып, жедеп тажаганын айтып жатышты. Айрымдар болсо көпүрө бүтпөсө, мэрдин жумуштан кетишин да талап кылып жиберишти. Салима Алиева деген айым буларга токтолду:

- Кичинекей шаарда саясатчылар онго бөлүнбөй, ынтымакта болгула. Бир идеология менен чогуу иштегиле. Мелистен калган нерселерди оңдосо оңдоп, иште, болбосо сен дагы жумуштан кеткин. Азыр тургундарга бул көпүрө абадан да зарыл.

Базарда соода кылган дагы бир Асылкан Абышева аттуу айым мэр менен сүйлөшүп жатканда "каражат жетпесе, карапайым калк чогултуп берели" деген сунуш киргизди:

- Көпүрөнү бүтүрө албайм деп айтпа. Артка кайтпа. Бүтүрөсүң. Себеби, мына калк ичинде мага окшогон адамдар бар. Алар колдон келишинче жардам кылышат. 5 сомдон таштасак да, 20 сомдон таштасак да, марафон уюштуруп атып бүткөрүп алабыз.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев болсо жакынкы күндөрдө курулуш башталарын тургундарга убада кылды:

- Көпүрө курулушу мыйзамсыз башталган. Мобу жерде базар турат, автобекет турат, канчалаган соода жайлары турат. Ушул көпүрө салынат деп канча ыңгайсыздык жаралды. Ошон үчүн бул көпүрө бүтүшү керек. Бирок көпүрөнүн үстүнөн машине өтөт, адам өтөт, адамдын өмүрүн эч нерсеге алмаштырууга болбойт. Муну дыкаттык менен иликтеп, анан ишти баштоо керек. Бүгүнкү күндө биз адистер менен изилдеп, иликтеп, кеңешип атабыз. Канткенде тезирээк бүтүрөбүз, кандай кылганыбызда арзаныраак бүтөт, ошонун үстүндө иш алып барабыз.

Кадырбаев: Көпүрөнү бүтүрөбүз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00


Эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча шаардык прокуратура 2 кылмыш ишин козгогон. Ошол себептүү иш учурда токтоп турат. Шаардык кеңеш жыл башында курулушка деп 60 млн. сомдой каражат бекитип берген. Калаа жетекчиси болсо кызматка келген күндөн бери, көпүрө боюнча жаңы долбоор сунуштаарын айтып келет. Ал жоопту тургундар чыдамсыздык менен күтүп жатканын Оштун жашоочусу Бекмамат Абдумалик уулу минтип айтты:

- Көпүрө бузулгандан бери шаар азыр өтө кыйын абалда турат. Машине бир жакта тыгын, эл бир жакта тыгын. Базарга кирип-чыгам деген адамдардын башы айланып, азапка батып бүттү. Ылай-баткакты айтпай эле кой. Жаңы мэрибиз Айтмамат Кадырбаев жумушка киришкенде, 20-январь күнү көпүрө боюнча жаңы долбоор сунуштайм деген, бирок эмдигиче ошол долбоорду көрө албай атабыз. Же сунуш кылбады, же бир курулуштун тагдыры жөнүндө так билдирүү бербеди. Эл болсо иш качан башталат деп күткөнү күткөн.



Ош шаарынын Алишер Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөсүнүн курулушу өткөн жылы октябрда башталган. Аны ошо кездеги шаар мэри Мелис Мырзакматов “кылым курулушу” деп атаган эле. Ошондон бери жолдун эки тарабы тең жабылып, каттамдар, унаалар айланып каттай баштаган. Курулуш 539 млн. сомго бааланып, кытайлык ишкерлерге тапшырылган эле.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG