Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Жумгал сотундагы окуя боюнча чатак ырбады


Айбек Мамбеталиев Кара-Кече көмүр кенинде каза тапкан
Айбек Мамбеталиев Кара-Кече көмүр кенинде каза тапкан

Жумгал райондук сотундагы өрт коюу окуясы боюнча камакка алынгандардын туугандары кылмыш ишти ИИМ, же Башкы прокуратура тергешин талап кылып жатат.

Алар ошондой эле жакындарынын дайын-дареги чыкпай жатканын нааразы болууда. Нарын облустук милициясы болсо соттогу окуя боюнча камакка алынган 10 адам тергөө абагында жатканын билдирди.

Жумгал райондук сотунда Кара-Кече көмүр кенинде каза болгон Айбек Мамбеталиев боюнча иш каралып жатканда жабырлануучулар соттолуп жаткан үч милиция кызматкерине бензин чачып, өрт койгон болчу.

Сотто кылмышка шектүүлөргө өрт коюу фактысы боюнча Чаек айылынын тургуну Зарипа Боромбаеванын баласы да камакка алынган экен. Боромбаева өзү да ошол күнү сотко катышканын, уулу ишинде болгонун, камакка алынгандан бери кайда экенин биле албай жатканын айтууда:

- Борбордо иштейт. Ызы-чуу болгонун угуп көчөгө чыга калса эле алып кетиптир. Беш баласы бар. Биз эми маркум Айбектин кошунасыбыз. Чаек кичинекей эле айыл да, баарыбыз эле кошунабыз. Мен болсо соттон чыгып үйгө келгем. Анан өрт эмне болуп чыкканын билбейбиз. Баламдын келинчеги Нарында жүрөт, мен болсо темселеп бул жакка келдим. Дайынын айтып койгондо эле биз тынч эле отурат элек да.

Бул факт боюнча сотто жабырлануучу катары катышкан, каза болгон Айбек Мамбеталиевдин ата-энеси эки уулу жана бир кызы менен камакка алынган. Бул үй-бүлөнүн тууганы Гүлнара Наматова кылмыш ишти жергиликтүү күч органдары эмес, Башкы прокуратура, же Ички иштер министрлиги өзү териштиришин суранып жатат:

- Булар эми бир үй-бүлөнү жок кылып салалы деп жатышабы? Адилеттүүлүк болсун деп суранат элем. Бир үй-бүлө толугу менен камалды. Үйүндө ошол өлгөн Айбектин аялы төрт баласы менен эле калды. Башка эч ким жок. Биз Жумгалдын, Нарындын милицияларына ишенбей калдык. Ишти Бишкек жакка эле которуп, карап беришин суранат элек.

Жандар Мамытбеков каза болгон Айбек Мамбеталиевдин адвокаты. Анын айтымында, өрт коюуга маркум Мамбеталиевдин ата-энесинин, карындашынын тиешеси жок:

- Соттон чыгып баратканда кайым айтышуулар болду. Соттолуучулар да тилин тартпай айтышып туруп алды да. Өлгөн баланын атасы Бекиш байке эки уулун эки жагына кармап, “айтышпагыла, баары мыйзам чегинде чечилсин”, деп сүйрөп чыгып кеткен. Прокурор менен сүйлөшүп турганда менин жанымда Айбектин ата-энеси, алардын кызы турган. Алар өрт жөнүндө билген эмес. Бир маалда эле өрт чыкты деп калды. Азыр эми өрткө тиешеси жок ата-энесин, карындашын камап койду. Эркек балдарын сыртка алып чыккан, бирок алар кайра кирип-кирбегенин мен билбейм.

Соттогу өрттөн жабыркап ооруканада жаткан милиция кызматкери Жоомарт Сыдыковдун атасы Эсенгул Сыдыков болсо Мамбеталиевдин туугандарын күнөөлөдө:

- Бензинди кызы чачкан. Берки эки баласы дагы кошумча май ыргыткан. Андан кийин алып чыгып алып сабашкан. Ошол жерде топтолгон адамдарды үчкө бөлүп, үчөөнү үч жакка бөлүп кеткен. Менин уулумду ушул үй-бүлөнүн беш мүчөсү тең сабаган. Аны да сууга ыргытабыз деп жатканда, Кудайдын барманы менен үйгө алып келгиле деп үйлөрүнө алып барып сабаган. Энеси уулумду шиш менен сайгылаган. Анан мүрзөгө алып барып “менин балам ушул жерде жатат, сени да ушул жерге көмөбүз”, дешкен.

Бул факт боюнча “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот органдарынын ишине жолтоо болуу”, “мамлекеттик кызмат өкүлөрдүнө кол көтөрүү” жана “мамлекеттин мүлкүн талкалоо” беренелери боюнча кылмыш иш козголгон.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Медина Султаналиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, ишти атайын тергөө тобу териштирип жатат:

- Кылмышка шектүү деп кармалган он адам Нарын шаардык сотунун чечими менен эки айга тергөө абагына камалды. Бул факт боюнча атайын оперативдүү тергөө тобу түзүлгөн. Ага Жумгал районунун тергөөчүлөрү менен Нарын облустук милициянын тергөөчүлөрү кирди. Ишти ошол тергөө тобу териштирип жатат.

Былтыр декабрда Чаек айылынын тургуну Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектелген жергиликтүү үч милиция кызматкерине кылмыш иш козголгон. 21-февралда бул окуя боюнча сот болуп жатканда жабырлануучулар тордо отурган үч милиция кызматкерине май чачып, өрттөөгө аракет кылган. Азыр алардын экөө ооруканада, бирөөсүнүн абалы оор, дагы бирөөнүн дайыны чыкпай жатат.

XS
SM
MD
LG