Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

Улуттук оппозициянын ураандары


Бириккен улуттук оппозициялык кыймылдын жыйыны. Бишкек, 26-февраль.
Бириккен улуттук оппозициялык кыймылдын жыйыны. Бишкек, 26-февраль.

Кыргызстанда бийликке нааразы саясий күчтөр Улуттук оппозициялык кыймылга бириккенин жарыялап, Бишкекте бет ачар жыйынын өткөрдү.

Оппозициялык кыймылга бириккендер азыркы бийликти ыңкылаптан кийин бир да тармакта жарытылуу реформа жүргүзгөн жок деп сындап, башкарууну бир колго топтоду деп президентти айыпташты. Анткен менен бийлик өкүлдөрү оппозициянын сынын курулай доомат катары баалап жатышат.

Аты жаңы оппозиция...

Улуттук оппозиция алгачкы жыйынында кабыл алган декларацияда азыркы бийлик тушунда коррупция күчөп, өлкө башчысы баш мыйзамды бузуу аркылуу өз бийлигин күчөтүп алганы айтылат.

Кыймылдын башында турган депутат Равшан Жээнбеков президент Атамбаев соңку төрт жыл ичинде реформа жүргүзүүгө жөндөмсүз экенин көрсөттү деп сындады:

- Азыркы бийлик төрт жыл ичинде бизди жыргаган ийгиликке алып келе алган жок. Акаевдин да, Бакиевдин да өлкөнү өнүктүрүү программасы бар болчу, алар кайда калды? Азыр президент Атамбаевдин да 2017-жылга чейинки өнүктүрүү программасы бар, аны президент гана эмес, министрлери окуп да койгон жок, анысы ишке ашпайт. Жакынкы айларда биз президент Атамбаевдин өнүгүү программасына альтернативдүү программабызды сунуштайбыз.

Оппозициялык кыймылдын аты жаңы болгону менен көпчүлүк мүчөлөрү саясатта бир топ жылдан бери жүргөн мурдагы баш прокурор, министр, депутаттар. Кыймылдын башкы сабында депутат Равшан Жээнбеков, айтылуу ыңкылапчы Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Суваналиев, Өмурбек Абдрахманов, Кубанычбек Кадыров жана башкалар турат. Оппозицияга кошулду деп айтылган менен “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев жана Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов жыйынга катышкан жок.

Азимбек Бекназаров мурдагы санаалашы Алмазбек Атамбаев төрт жыл мурдагы кандуу ыңкылапка тиешеси барларды жазалаган жок деп нааразы:

- Биз бир адамдын кулу болгубуз келбей жатат. Ошон үчүн эки революция болду. Башкасын айтпаганда да төрт жыл мурунку апрель окуясы боюнча сотту аягына чыгарып койбойбу. 87 адам өлдү, миңдеген тургундар жарадар болду. Сотту эле аягына чыгарсынчы, башкасын тим эле коёлу.

Оппозиция Бажы биримдигине кошулуп же кошулбоо тууралуу маселени жалпы элдик референдумга алып чыгуу талабын да койду. Алардын кайрылуусунда айтылган талаптар такыр эске алынбаса, же бийлик сүйлөшүүгө барбаса түрдүү нааразылык акциялар башталаары жазылган.

Оппозиция лидерлери эмне дейт?

Бишкекте оппозициянын жыйыны өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00


Бийликке каршы маанай жокпу?

Бийлик өкүлдөрү болсо оппозициянын жогорудагыдай дооматтарына макул эмес.

Парламенттеги башкаруучу коалициядагы Социал-демократтар фракциясынын депутаты Абдыманап Кутушев да оппозициянын дооматтары негизсиз деп эсептейт:

- Булар Украинадагы окуялардан кийин таасирленип, дүүлүгүп жатышат окшойт. Менин оюмча, элде азыр бийликке каршы маанай жок, үмүт менен карап жатышат. Азыркы оппозициянын лидерлеринин артында жакшы эмес иштер бар экенин элдин баары билет. Эртең эле буларга кызмат сунуштаса кетип калбайт деген да кепилдик жок. Булар шайлоо жолу менен бийликке келүүгө көздөрү жетпей, башка жолдорду издеп башташты окшойт.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев да оппозиция кызмат үчүн гана күрөшүп жатат деген пикирин айткан эле. Улуттук оппозиция болсо президент бийликти сындаган саясий күчтөрдү душман көрүп, аларды саясаттан сүрүп чыгарууда деп сындап, аны Украинанын мурдагы президенти Януковичтин тагдырынан сабак алууга үндөштү.

Анткен менен учурда парламентте да “Ата-Журт” жана “Республика” фракциялары оппозицияда болгону менен алардын жарым-жартылайы бийликке ооп кеткен. Коомчулукта бул эки фракция тең оппозициянын милдетин жарытылуу аткара албаганы айтылып жүрөт. Ал эми интернеттеги социалдык тармактарда жаңы куралган улуттук оппозицияны да “жалаң эле баягылар, же болбосо жалаң эски жүздөрдүн жаңы кыймылы” деп шакаба чеккендер көп. Айтор, бийлик жаңы куралган саясий кыймылдын талаптарына үн катар-катпасы али белгисиз.

Көчө сурамжылоо: оппозиция кандай болушу керек?

Оппозиция кандай болушу керек?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG