Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:34

Крымга орусиялык татар депутаттар баратат


Орусиянын Татарстан жумуриятынан депутаттар Украинанын чыр ырбаган Крым республикасына аттанып кетишти. Татар парламентинин төрагасы Фарит Мухаметшин делегациянын максаты Крым бийликтерине жарым аралда тартипти орнотуу экендигин билдирди. Ал «Крымда бузуку күчтөр улут аралык ынтымакка коркунуч келтирип жатат» деди. Бүгүн белгисиз куралчандар Симферополдо Крым парламентинин жана өкмөттүн имараттарын басып алып, үстүнө Орусиянын желектерин орнотту. Анын алдында жүздөгөн крым татарлары парламенттин жанында орусиячыл демонстранттар менен кагылышып, кырдаалды чукул талкуулоо үчүн чогулган депутаттарды иштетпей коюшту. Украинада орусиячыл президент Виктор Янукович бийликтен кетирилген бойдон дайыны табылбай жатат.

XS
SM
MD
LG