Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:50

Кошумча Бишкек – Москва авиакаттамы ачылат


Бишкектен учкан эл аралык каттамдардын картасы.
Бишкектен учкан эл аралык каттамдардын картасы.
Түркиянын "Пегасус" авиакомпаниясы ээлик кылган "Пегасус Азия" кирешелүү болуп эсептелген Бишкек – Москва багытын 26-марттан тарта тейлей баштайт. Бул тууралуу саякат агенттиктери билдирүү таратты. Жадыбалга ылайык, "Пегасустун" жаңы каттамы "Манас" эл аралык аба майданынан "Домодедово" аэропортуна жумасына эки ирет учат. Бир тарапка жол кире наркы – 160 доллар.

Учурда Бишкектен Москвага жумасына 36 аба каттам каттайт. Бул жайкыга караганда сегиз рейске көп. Бул багытты алты авиакомпания тейлейт. "Манас" аэропортунун кышкы жадыбалына ылайык, азыркы тапта жумасына жалпысынан 130 эл аралык жүргүнчү рейс каттайт.

"Пегасус Азия" былтыр сентябрдан бери Бишкектен 30 багытка аба каттам ачарын айтып келет. Алардын арасында Баткен, Дубай, Душанбе, Исфана, Красноярск, Москва, Пермь, Сургут, Үрүмчү жана Челябинск шаарлары аталып жүрөт. Бул багыттар тууралуу авиаишкананын вице-президенти Данияр Арынов конкреттүү эч нерсе айта албасын январда билдирген.

"Пегасус Азия" учурда Бишкектен Ошко аптасына 20 жолу жана Стамбулдун Сабиха Гөкчен атындагы аэропортуна жумасына жети ирет каттайт. Ал эми жергиликтүү авиакомпаниялар чет элдик ташуучулар билет наркын жасалма түрдө арзандатып, кыргызстандык авиаишканаларды базардан сүрүп чыгууда деген жүйөнү карманып келет. (BAz)

XS
SM
MD
LG