Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:12

Абитуриенттерди өзбек тилинде тестирлөө токтотулду


Быйыл Кыргызстанда абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө кыргыз жана орус тилдеринде гана өтөт. Буга чейин тестирлөө үч тилде: кыргыз, орус жана өзбекче өтүп келген. Быйыл өзбек тилинде өтпөй турганынын себебин Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Амантур Акматов "Азаттыка" мындай деп түшүндүрдү:

- Жылына 32-55 миңдей абитуриент жалпы республикалык тест тапшырат. Алардын 62% орус тилинде, 35% кыргыз, ал эми өзбек тилинде 2 миңге жакын гана бала тапшырат. Керек болсо өзбек улутундагылардын көбү орус же кыргыз тилин тандоодо. Ал эми өзбек тилинде чыгарылган тест каражаттарынын баасы өзүн актабай калууда.

Эл аралык отчеттердо абитуриенттерди тестирлөө Кыргызстандагы эң ири антикоррупциялык долбоор катары бааланып келет. 12 жылда андан 400 миңден ашуун бүтүрүүчү өткөн.

XS
SM
MD
LG