Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

Тажик жарандары кыргызстандык унааны ташбараңга алды


Тажик жарандары кыргызстандык унааны ташбараңга алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00

Баткендин Үч-Дөбө айылына жакын жерде жергиликтүү тургундун талкаланган унаасын оңдогонго каражатты тажик тарап төлөп берет. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү билдирди. Бүгүн түшкө жуук Үч-Дөбө айылына жакын жерде жергиликтүү тургундун унаасын тажикстандык Кожалы айылынын тургундары ташбараңга алган. Машинанын айнеги талкаланган. Адам өмүрүнө зыян келген жок. Окуядан соң эки айылдын тургундары чогулуп, эки тараптан тең күч кызматкерлери барган. Жолугушуудан кийин талкаланган унаага каражатты тажик тарап чыгарууга убада берди. Мындан соң чогулган жарандар тарап кетти.

XS
SM
MD
LG