Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

ЕБ менен АКШ Орусияга каршы санкция киргизет


Крым парламентинин алдында бир киши СССрдин желегин көтөрүп турат. Симферополь, 17-март, 2014.
Крым парламентинин алдында бир киши СССрдин желегин көтөрүп турат. Симферополь, 17-март, 2014.

Украинадагы Крым автономиялуу республикасы бүгүн өзүн формалдуу түрдө көз карандысыз деп жарыялап, Орусияга кошулуу арызын берди.

Крым парламенти мындай чечимди бүгүнкү жыйында кабыл алды. Кечээ региондо бул боюнча референдум өтүп, анын жыйынтыгында шайлоочулардын 96,8% Орусияга кошулууну колдогон.

Украинанын курамындагы Крым автономиялуу жумуриятында болгон референдумдун жыйынтыктарына караганда, шайлоочулардын 96,8 проценти Орусияга кошулуу сунушун колдошту. Жарым аралдын москвачыл шайлоо комиссиясы элдин 82 проценти добуш бергенин кабарлады. АКШ жана Европа Биримдиги болсо Орусияга санкция жарыялоого камынууда

Бүгүн Брюсселдеги жолугушууда Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери орусиялык расмий адамдардын банк эсептерин камакка алуу жана аларга виза берүүнү чектөө өңдүү чараларды талкуулашмакчы. Документтин долбоорунда “мыйзамсыз” референдум өткөрүү “катуу айыпталып”, анын жыйынтыгы таанылбасы эскертилет. Ошондой эле Евробиримдик менен Орусиянын июнга пландалган саммити болбой турганы, шаркет менен Киев ортосундагы Ассоциациялык келишимдин саясий жоболоруна ушул 21-мартта кол коюлары айтылат. Документ Украинанын буга чейинки сабырдуулугун белгилеп, Орусияны кризистин дескалациясына карай кадам таштоого, аскерлерин жарым аралдан чыгарып кетүүгө үндөйт.

Мамлекеттик Думанын спикеринин орун басары Сергей Неверовдун айтымында, орус парламентинин төмөнкү палатасы Крымды кабыл алууга жол ачкан мыйзамды “эң жакынкы күндөрү” жактырат.

Ушул эле күнү Вашингтон да өз санкцияларын жарыялаары күтүлүүдө.
АКШ президенти Барак Обама Владимир Путинге эл аралык коомчулук референдумду эч качан тааныбасын, Вашингтон жана өнөктөштөрү Украинанын эгемендигин бузган Орусияга кошумча санкцияларды даярдап жатканын эскертти.

Кремлдин маалыматына караганда, орус презденти Обама менен телефон сүйлөшүүсүндө референдум мыйзамдарга ылайык өткөрүлгөнүн айтты.

Евробиримдиктин кездешүүсү алдында Голландиянын тышкы иштер министри Франс Тиммерманс санкцияларды Орусия гана токтото алат деди:

- Орусиянын буга чейинки кадамдары таптакыр кабыл алынгыс экени айтпаса да көрүнүп турат. Санкциялардан бардыгы жабыркашы мүмкүн, мен мүмкүн болсо, жазалоочу чараларды киргизбейт элем. Бирок алардын алдын алуу Орусиянын гана колунда.

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмайер Орусиянын Крымды аннексиялап алууга даярданып жатышын айыптады. Анын ырастоосунда, европалык министрлерге Брюсселдеги жыйында оңой эмес маселени чечүүгө туура келет.

Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг Крымдагы добуш берүүнү демократияны “маскаралоо” деп атаса, Франциянын башкы дипломаты Лоран Фабиус “Орусиянын баскынчы күчтөрүнүн коркунучу алдында өткөрүлгөн” референдумду айыптады.

Ал эми Украинанын утурумдук президенти Олександр Турчиновдун айтымында, добуш берүүнүн жыйынтыгы эбак эле “Кремл тарабынан пландалган жана бул – аскерлерин жиберүүгө укуктук негиздеме болуп бермекчи”.

Крымдын борбор шаары Симферополдо орусиячылдар референдумдан кийин түнү бою майрамдашты. Аймактын москвачыл лидери Сергей Аксенов жергиликтүү калктын “эр жүрөктүгүн” кубаттады:

- Орусиянын, орус элинин жана президентинин колдоосуна рахмат. Жеңишибизди эч ким талаша албайт. Биз Орусияга багыт алдык. Бардыгыңыздарды куттуктайам.

Расмий маалыматтарда добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар болбогону айтылганы менен АФП агенттиги анын журналисттерине Севастопол жана Симферполдогу шайлоо участкаларына кирүүгө тоскоолдуктар түзүлгөнүн билдирди.

Крым татарлары жана киевчил укранидер өнөктүктү бойкоттоорун айтып келишкен.

Крым референдумдан кийин
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:25 0:00

XS
SM
MD
LG