Айыл китепканасына белек
Ошто “Айыл китепканасына китеп белек кыл” аттуу акция башталды. Аны Борбор Азиядагы Америка университети Ош облустук китепканасы менен бирге өткөрүүдө. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара элет жериндеги китепканаларды жаңы адабият жана аудио-видеолор менен толуктоого жардам берет. Каалоочулар белек кылган китептер айылдардагы китепканаларга бөлүштүрүлөт. Акция 10-апрелге чейин уланат. Ош облусунда учурда 200дөй китепкана бар.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 17, 2026Анар-Бак: "Жер деп жүрүп оорукчан болуп калдык"
-
Сентябрь 16, 2026"Мектепте жок китеп базарда турат"
-
Август 02, 2026"ВИЧтин азабынан күйөөм менен ажыраштым"