Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

“Улуттар биримдиги” Мырзакматов боюнча билдирүү таратты


Аталган партиянын түштүк аймактык штабы Оштун мурдагы мэри, “Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматовду бийлик түрдүү жол менен куугунтуктап, укук коргоо органдарына кайра-кайра чакырып сурак кылып жатышканына тынчсыздануу билдирген кайрылуу таратты.

Партия активисттери соңку учурда Мырзакматовдун бизнесин криминалдык топтор тартып алуу аракетин көрүп жатканына жана маалымат каражаттары аркылуу аны каралоого кабатырлануу билдирип, бийликти мындай аракеттерин токтотууга үндөштү.

Ушундай эле маңыздагы билдирүү Ош шаарынын жаштарынын атынан да коомчулукка жолдонду.

Буга чейин оппозиция Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовго тиешелүү деп эсептелген ишкана, соода жайларын бийлик ар кандай жолдор менен кысмакка алып жатканын айтып чыккан эле.

Ал эми айрым бийликчил саясатчылар оппозициянын мындай билдирүүлөрүн элдин көңүлүн өзүнө бурдуруш үчүн атайын чыгарган ушагы болушу мүмкүн эсептейт.(JA)

XS
SM
MD
LG