Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Пакистан өкмөтү “Талибан” лидерлери менен жолукту


Пакистанда өкмөт жана “Талибан” лидерлери жолугуп, тирешүүнү токтото турууну сүйлөштү. Жолугушуу шаршемби күнү өлкөнүн түндүк-батышындагы аймактардын биринде өттү. Былтыр башталган тынчтык жараянынын алкагындагы алгачкы тикелей сүйлөшүү “тынчтык тилкеси” деп аталган жашыруун жайда өттү.

Пакистандагы талиптердин делегациясын динаятчы Ибрагим Хан, ал эми өкмөттүн тобун Хабибулла Хан Хаттак жетектеп барды.

Сүйлөшүүгө катышкан талиптерин бири Маулана Самиул Хак билдиргендей, жолугушуу жети сааттан көп убакытка созулду. Эки тарап барымтага алынган кишилер менен абакта отургандарды алмашуу жана ок атышууну узак мөөнөткө токтотуу жөнүндө сүйлөштү.

Февралда "Талибан" бир айга ок атышууну токтотконун жарыялаган. Бийлик жооп иретинде согушкерлерге каршы соккудан убактылуу баш тарткан.

XS
SM
MD
LG