Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Түркия: Шайлоодогу кагылыштан алты кишинин өмүрү кыйылды


Стамбулдагы шайлоо бекети. 30-март, 2014-жыл.
Стамбулдагы шайлоо бекети. 30-март, 2014-жыл.
Атаандаш партиялардын мүчөлөрү ортосундагы кагылыштан маалыматтарга караганда, төрт адам өлкөнүн негизинен күрттөр жашаган түштүк-чыгышында каза тапкан. Ал эми Сирия менен чек арага жакын, түштүктөгү Хатай провинциясындагы кагылыштан эки адам өлүп, тогуз киши жаракат алды. Бүгүнкү шайлоо премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган менен анын “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы үчүн сыноо катары каралууда.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында ири жана майда шаарлардагы бийлик кайсыл саясий күчтүн колуна тийери аныкталмакчы. Шайлоодо алты партия ат салышууда. Маселен, Анкара менен Стамбулда Эрдогандын партиясынан бийлик тизгинин оппозициядагы башкы уюм – Республикалык Элдик партия талашып жатат.

Шайлоо бийликтеги партиянын беделине көлөкө түшүргөн, айрым өкмөт мүчөлөрүнүн катышы бар коррупциялык иштер ачыкка чыгып кеткенден кийин өтүүдө. Шайлоону утурлай түрк бийликтери интернеттеги YouTube сайтын жана Twitter социалдык түйүнүн тосмолоп салышты жана алардын бул кадамы эл аралык сынга кабылды.

Түркияда добуш берүүгө укуктуулардын саны 52 миллион. (UE)

XS
SM
MD
LG