Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:38

Жалал-Абад: талаа жумуштарына 800дөн ашуун техника керек


Жалал-Абад облусундагы айдап-себүү иштерине 800дөн ашуун техника керек. Колдогу тракторлор эскиргенине байланыштуу көбү пайдаланууга жараксыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук администрациясынын аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажимамат Исаев билдирди.

Облуста азыр 2877 айыл чарба техникасы бар. Анын сексен пайыздан ашыгы эски тракторлор.

Учурда аймактагы талаа иштерин баштоо үчүн техникалар 58 пайыз күйүүчү май менен камсыз болду. (YA)

XS
SM
MD
LG