Кыргыз кинематографиясынын тарыхында алгачкы жолу Төлөмүш Океев атындагы Улуттук киностудиянын жетекчилигине аял киши дайындалды. Директорлук кызматка жарыяланган сынакта Гүлмира Керимова утуп чыкканын Кинематография департаментинин башчысы Мукталы Бектеналиев кабарлады.
Керимова Москвадагы ВГИКте билим алган. Ал алты көркөм фильм, төрт даректүү жана эки кыска метраждуу тасманы тартууга катышкан. Белгилүү киносынча Гүлбара Төлөмүшева Керимованы киноөндүрүштө тажрыйбасы бай уюштуруучу деп сыпаттады. (BAz)