Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:26

Первез Мушаррафка кол салуу болду


Пакистан полициясы мурдагы президент Первез Мушарраф бүгүн кол салуудан аман калганын билдирди. Мамлекеттик чыккынчылык боюнча соттолуп жаткан генералдын машинеси өтөөр алдында жолго коюлган бомба жарылды. Бомба аскердик госпитал менен Мушаррафтын Исламабаддагы үйүнүн ортосундагы трассага коюлган. Жардыруудан эч ким жарадар болгон жок. Азырынча жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

Экс-президент ооруканада жылдын башынан бери жаткан. Полициянын маалыматы боюнча, аны үйүнө башка жол менен жеткиришти.

Пакистанды 1999-2008-жылдары башкарган Мушарраф былтыр мартта ыктыярдуу сүргүндөн кайтып келген. Мекенинде ага бир катар берене боюнча кылмыш иш козголгон. Бирок коопсуздук себептеринен улам ал эки эле жолу сот процессине катыша алды.

XS
SM
MD
LG