Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Оппозиция митинг өткөрүүгө камынды


Оппозиция митингдерди чектөөгө каршы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:21 0:00

Оппозиция митингдерди чектөөгө каршы митинг өткөрөт.

Улуттук оппозициялык кыймыл 10-апрелде бийликке каршы митинг өткөрөт. Бул тууралуу кыймыл жетекчилери бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында жарыялашты.

Улуттук оппозициялык кыймыл түзүлгөндөн тарта алгачкы ирет өткөргөн маалымат жыйынында анын мүчөлөрү бийликке каршы активдүү аракетке өткөнүн жарыялады. Аталган кыймылдын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, алар буга чейин митинг өткөрүү демилгесинен баш тартып келишкен. Бирок өткөн аптадагы Биринчи май райондук сотунун Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңеш жана Өкмөт үйүнүн алдында май айына чейин ар кыл акцияларды өткөрүүгө тыюу салганы оппозициянын өз чечимин өзгөртүүгө түрткү болду:

- Биз буга чейин эч кандай митинг өткөрбөйбүз деп айтып келгенбиз. Бирок акыркы бийлик соттордун колу менен Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин алдында жана Өкмөт үйүнүн жанында тынчтык митингдерди өткөрүүгө тыюу салганы бизди баарыбызды, өзгөчө Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлерин аябай нааразы кылды. Биз мындай саясатка макул эместигибизди билдирип, принципиалдуу түрдө 10-апрелде бийлик көргөзгөн Бишкектеги Горький сейилбагында митинг уюштуралы деп чечтик.
Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.
Жээнбеков кошумчалагандай, акцияда бийликке элдик ишенимдеги өкмөт түзүү, Кумтөр боюнча коррупциялык келишимдерди бир тараптуу денонсациялоо жана буга жооптуу чиновниктерди жазага тартуу, “Манас” аэропорту сыяктуу стратегиялык объекттерди Орусияга сатууну токтотуу, кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Азиз Батукаевди эртелей абактан бошоткондорду жазалоо, учурда камакта отурган оппозициялык саясатчыларды үй камагына чыгаруу талаптарын коюшмакчы.

Равшан Жээнбеков оппозициянын күч менен бийлик алуу максаты жок деп ишендирди. Андан сырткары бүгүнкү жыйында оппозициялык кыймылды чыңдоо үчүн ага тең төрага катары “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин шайланганы белгилүү болду. Ташиев маалымат жыйынында сүйлөп жатып 10-апрелдеги акцияны бир гана Бишкекте эле эмес, жер-жерлерде да өткөрүү мерчемделип жатканын жарыялады. Ал учурдагы бийлик өлкөдө авторитардык башкарууну толук орнотту деп айыптап, өкмөт алмашса да эч нерсе өзгөрбөй турганын билдирди:

- Бүгүнкү күндө түзүлгөн коалиция элдин маселелерин чече албайт. Азыр түзүлүп жаткан өкмөттүн курамы эле эмес же өкмөт башчысы гана эмес бүгүнкү бийлик түп-тамыры менен бизди канааттандырбайт. Ошондуктан каршылыгызды митинг аркылуу билдирели деп жатабыз.
Нариман Түлеевдин жактоочуларынын митинги. 12-май, 2010-жыл. Бишкек.
Нариман Түлеевдин жактоочуларынын митинги. 12-май, 2010-жыл. Бишкек.
Оппозицияны митинг өткөрүшүнө түрткү болгон Биринчи май райондук соту Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана Өкмөт үйүнүн жанында митинг, пикет өткөрүүгө 1-майга чейин тыюу салган чечимди ушул аптанын башына чыгарган. Акцияларды чектөөнү өтүнүп сотко Биринчи май райондук администрациясы кайрылган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун бул чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылганы дайын болду.

Мындан улам бийлик өкүлдөрү Улуттук оппозициялык кыймылдын митинг өткөрүү талабын орунсуз деп баалап жатышат. Маселен, Жогорку Кеңештеги бийликчил Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков өлкөдө авторитардык режимге багыт алды деген пикирди четке какты:

- Авторитаризмге багыт алды деген туура эмес. Өлкөдө эркиндикти чектеген эч кандай мыйзамдар кабыл алынган жок. Тескерисинче, оппозиция өкмөттү түзүүгө катышсын деп дал ушул Ташиевдин фракциясын коалицияга биз чакырдык. Бирок ал ага көнбөй койду. Анан биздин чакырыктан баш тартып, кайра бийлик бир колго топтолду деген логикага сыйбайт.

Акыркы күндөрү Бишкекте өздөрүн интеллигенция, бизнес, коомчулук өкүлдөрүбүз деп жарыялашкан топтор маалымат жыйындарын өткөрүп, ар кандай митинг-пикеттерге каршы экенин жар салышууда. Алардын бири, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиевдин пикиринде, учурдагы оппозиция митинг өткөрүү аркылуу бийликке жетүү гана максатын көздөп жатат:
Камчыбек Ташиев оппозициялык кыймылдын төрагасы болуп дайындалды.
Камчыбек Ташиев оппозициялык кыймылдын төрагасы болуп дайындалды.
- Элдик ишенимдеги өкмөт түзүп кыйратабыз деп жатышат. Бул адамдардын баары эле мурда бийликте жүрбөдү беле? Эмне үчүн ошол учурда кыйраткан эмес. Ошондуктан, булардын акцияларынын пайдасынан зыяны көп болгону жатат.

Ал эми саясий эксперт Эмил Жураев Улуттук оппозициялык кыймыл өз салмагын текшерүү үчүн митинг өткөргөнү жатат деп эсептейт. Эксперттин болжолунда, бул акция калың элдин колдоосуна татыса, оппозиция кийинки кадамдарын ишенимдүү таштай башташы мүмкүн:

- Буга чейин оппозиция митинг өткөрөт деп сөздөрү жүрүп, бирок ал ишке ашпай келген. Оппозициянын дымагы да азайып кеткен. Эми бийликтин митингдерди чектөө аракетинен колдонуп, өзүн көрсөтүүгө аракет кылып жатат. Бирок андан канчалык жыйынтык чыгат, бул чоң суроо.

Бириккен улуттук оппозициялык кыймыл ушул жылдын 26-февралында түзүлгөн. Кыймылдын башкы сабында депутат Равшан Жээнбеков, айтылуу ыңкылапчы Азимбек Бекназаров, “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, “Улуттар биримдиги” партиясынын төрагасы Мелис Мырзакматов, саясатчылар Өмүрбек Суваналиев, Өмүрбек Абдрахманов, Кубанычбек Кадыров бар экени айтылган. Бирок жогору аты аталгандардан Мелис Мырзакматов бул кыймылга байланыштуу өз позициясын билдирбей келет.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG