Дүйшөмбү, 7-апрелде Кыргызстандын аймагында катуу жаан жаап, тоо этектерине кар түшөт. Кыргызгидрометтен билдиришкендей, жаандан улам абанын күндүзгү температурасы +7 градуска чейин төмөндөйт. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүйдүн түндүгүндө, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде -3 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. (SE)
Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүйдүн түндүгүндө, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде -3 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. (SE)