Социалдык фонддун төрагасынын кеңешчиси Гүлнура Жуматаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, аялдардын пенсияга чыгуу курагын 60 жашка жогорулатуу боюнча долбоор азыр өкмөттүн кароосунда турат. Ага ылайык, пенсия курагы этап менен, башкача айтканда, ар үч айдан көтөрүлүп отуруп 6-8 жылда 60 жашка жеткирилет. Ошондо эркектер менен аялдардын пенсияга чыгуу курагы боюнча айырма беш жылдан үч жылга кыскарат.
Соцфонддун өкүлдөрүнүн айтымында, мындай демилге жашоо шарттын салыштырмалуу жакшырганына жана жаш курактын узарганына байланыштуу көтөрүлүп жатат.
Ушул тапта Кыргызстанда аялдар 58, эркектер 63 жашында пенсияга чыгышат. Өлкөдө жалпы 580 миңден ашуун пенсионер болсо, алардын 60 пайызын аялдар түзөт. (AzK)