Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

Орусия Киевге күч колдонуу жарандык согушка алып келерин эскертти


Харьковдогу регионалдык бийликтин имараты алдындагы абал, 8-апрель, 2014
Харьковдогу регионалдык бийликтин имараты алдындагы абал, 8-апрель, 2014
Орусиячыл протестчилер өкмөттүк имараттарды ээлеп алган Украинанын үч шаарында непада расмий Киев аларга каршы күч колдоно турган болсо, бул өлкөдө жарандык согуш башталышына алып келиши мүмкүн деп билдирди бүгүн Орусия. Орусиячылар өлкөнүн чыгышындагы Харьков, Луганск жана Донецк шаарларындагы жергиликтүү администрациялардын имараттарын жекшембиде басып алып, Орусияга кошулуу боюнча референдум өткөрүүнү талап кылышкан.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бүгүнкү билдирүүсүндө «Биз жарандык согуш тобокелчилиги жогору болгон аскердик даярдыктардын баарынан азыр баш тартууга чакырабыз» деди. Мунун алдында ушул эле күнү украин ички иштер министри Арсений Аваков Харьковдогу антитеррористтик операциянын жыйынтыгында регионалдык администрациянын имараты орусиячыл протестчилерден бошотулганын, 70тей «сепаратист» камалганын айткан эле. Украин бийликтери окуяда эки полисмен жаракат алганын айткан.

Ал арада НАТОнун башкы катчылыгы бүгүнкү билдирүүсүндө Украинанын чыгышындагы окуялар тынчсыздантып жатканын айтып, Орусияны Украина менен чектеш жерде "жоголуп кеткен" "он миңдеген аскерин" кайтарып кетүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG