Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 02:34

"Альфачылар" митинг өткөрдү


"Альфачылар" митинг өткөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00

Бишкектин Максим Горький атындагы аянтчасында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин укугун коргоого арналган митинг өттү. Акциянын катышуучулары УКМКнын "Альфа" атайын бөлүгүнүн соттолуп жаткан кызматкерлеринин укугу тебеленип жатканын, 4 жылдан бери сот жыйынтыкталбай, офицерлер чайналып келатканын айтууда. 2010-жылдын 7-апрелинде Ак үйдүн жанында демонстранттардын атылышы боюнча соттолуп жаткандар арасында "альфачылар" да бар. Прокуратура аларды адам өлтүрүү деген айып боюнча актап, куралын тарттырып жибергени үчүн гана соттоону сунуштоодо. Сот чечими чыга элек.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG