Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:37

БУУ Борбордук Африка Республикасына аскер жиберет


БУУнун Коопсуздук кеңеши Борбордук Африка Республикасына 12 миң аскерден турган бейпилдик контингентин жиберүүнү жактырды.

Иликтөөчүлөрдүн айтымында, өлкөдөгү мусулмандар менен христиандардын ортосундагы зордук-зомбулук геноцидге айланышы мүмкүн деген чочулоолор өсүп баратат.

10-апрелде кабыл алынган резолюцияда Борбордук Африка Республикасына 10 миң жоокер жана 1 миң 800 полициячыны жөнөтүү каралган. Сунуш Франция тарабынан киргизилген.

БУУнун божомолунда аталган мамлекетте 1 миллион 300 миңдей киши, башкача айтканда, калктын чейреги жардамга муктаж.

 

XS
SM
MD
LG