Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Ислам партиясына секс-видео сокку урабы?


Тажикстандагы Ислам кайра жаралуу партиясынын герби
Тажикстандагы Ислам кайра жаралуу партиясынын герби

Интернетте Тажикстандагы Ислам кайра жаралуу партиясынын активистери менен байланышкан жаңы секс-видео пайда болду. Айрымдар диний партияга парламенттик шайлоону утурлап, атайын чабуул башталганын айтып чыгышты.

Интернетте кеңири тараган бул тасмада Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрү делген эки адам көрсөтүлгөн. Бири кумса экени жана ал башка эркек менен төшөктө жатканы көрсөтүлөт. Экинчи каарман болсо алгач эл алдында намазга жыгылат да, кийинчерээк ошол кийимин чечпестен, жанына ыйык Куран китебин коюп алып белгисиз айым менен сүйүү ышкысына батат.

Жети мүнөттүк видео ортосунда сырттан окуган кишинин комментарийи, музыка жана башка видеолор колдонулган. Кадр сыртында сүйлөгөн баяндамачы бул видеону Ислам кайра жаралуу партиясынын өзүндө түзүлгөн атайын топ тартканын, муну менен алар партияга мүчө болгонго татыксыз адамдарды катардан чыгарууну каалашканын айтат. Ошол атайын топту азыр партиянын төрагасынын орун басары Мухаммадали Хаит жетектейт деп айтылат.

Анткен менен Мухаммадали Хаит өзү партиянын курамында берегиндей топ иштеп жатканы тууралуу маалыматты четке какты жана бул тасманы “Ислам кайра жаралуу партиясынын парламенттик шайлоо алдында аброюн кетирүүнү каалагандардын басымы” деп атады.

- Чабуул коюп жаткандар акыр аягында өз максатына жетпейт, бирок баары бир биздин шайлоого даярдык боюнча иштерибизди татаалдатып койду.

Партия лидерлери аларга чабуул 2010-жылы башталганын, ошондон бери токтобой, шайлоого убакыт улам аз калган сайын күчөп баратканын айтышууда. Мунун артында алар азыркы бийлик турат деп шектенет. Парламентке шайлоо бул өлкөдө келээрки жылы февралда өтүшү керек.

Буга чейин өлкөдө аталган партияга тыюу салуу боюнча бийлик структураларында ар кандай аракеттер көрүлүп жатканы тууралуу сөздөр болуп келген.

Регионалдык коопсуздук боюнча жергиликтүү эксперт Комеб Жалилов Ислам партиясынын ишине тыюу салуу боюнча эч кимде эч кандай программа жок деп айтат. Ал азыр Ислам кайра жаралуу партиясын сырттан бирөөлөр өз кызыкчылыгына колдонууга аракет кылып жатат деп ишенет.

- Айрым чет өлкөлүк күчтөр Тажикстанда тең салмактуулукту бузуп, коомду бөлүп-жарууга аракет кылып жатышат. Ошол эле маалда өздөрүнүн саясий атаандаштарынын кадыр-баркына балта чаап, рейтингин түшүрүүгө колдон келгенин кылышууда. Негизи саясатта бул нормалдуу эле көрүнүш.

Бирок азыр соңку секс-жаңжал менен байланышкан видеону партия өзүнө каршы бийликтин катуу соккусу катары кабылдаганы эмнеге алып келиши мүмкүн?

Саясат таануучу Парвиз Мулложонов видеонун чыгышы менен партиянын эл алдындагы кадыр-баркы катуу жабыр тартары анык дейт.

- Эми партияга өзүнүн гана жеке кызыкчылыгы менен киргендер кайра андан чыгышы мүмкүн. Акырында чындап идеяга ишенгендер калат. Дагы бир жолу – партия радикалдашып кетиши ажеп эмес. Бул чынында, партияга да, бийликке да керек эмес.

Тажикстанда буга чейин имамдын секс-видеосу интернетке тарап чуулган жараткан. Диниятчыны суракка алышканда ал видеону өзү тартканын жана ал аял жубайы экенин айткан.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG