Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:53

ЕБ Украинага 1 миллиард евро жардам берет


Европа Биримдиги Украинага 1 млрд. евролук (1, 4 млрд. доллар) жардам пакетин жана украиналык товарлар үчүн бажы төлөмдөрүн азайтуу планын бекитти. Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери бүгүн Люксембурда болгон жыйында Украинанын казынасынан акча уурдоого тиешеси бар дагы төрт адамды кара тизмеге киргизди. Буга чейин андай 18 адамдын мүлкүн жана банк эсептерин камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.

1 млрд. евро жана мурда бөлүнгөн 640 миллион евро Украинанын бюджетинде каралган карыздарды төлөөгө сарпталат. Украинадан экспорттолчу товарлардан алынчу алым-салымдарды азайтуу боюнча токтом эки жума арасында күчүнө кирип, 1-ноябрга чейин иштейт. Бул Украинага 500 млн. евро киреше берет.

XS
SM
MD
LG